Түркиянын Президенти Азербайжанда иш сапары менен болду

Евразия күндеми-25

1664349
Түркиянын Президенти Азербайжанда иш сапары менен болду
Erdogan-Azerbaycan
Cumhurbaşkanı Erdoğan Azerbaycan Milli Meclisi’ne Hitap Etti.jpg
Erdoğan-Azerbaycan şehitlik-2.jpg
Erdoğan-Azerbaycan Meclisi-3.jpg
Şuşa Erdoğan Aliyev Azerbaycan.jpg
Şuşa Erdoğan Aliyev Azerbaycan 1.jpg

Ардактуу интернет колдонуучулар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 15-16-июнь күндөрү  Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Азербайжанда иш сапары менен болду. Президент Эрдогандын бул иш сапары армяндардын оккупациясынан бошотулган аймакка бир боордош мамлекет лидеринин алгачкы зыяраты катары эсте калды. Азербайжандын Президенти Илхам Алиев 15-июнь күнү Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганды Шушада расмий азем менен тосуп алды. Лидерлер тет-а-тет форматында жолугушту. Андан соң Эрдоган жана Алиев Шуша декларациясына кол коюшту.

Кол коюу аземинен кийин басма сөз жыйыны болду. Президент Эрдоган басма сөз жыйынында Шушада Түркиянын башкы консулдугунун ачыла тургандыгын билдирди жана “Түркия аймактын кайрадан курулушу процессинде дагы боордошторуна керектүү бардык жардамды берип жатат.”- деди. Түркия менен Азербайжан Карабахты биргелешип курушат. Карабахтын курулуш тендерлерине ирандык жана орус ишкерлер да катышууга кызыкдар экендиги маалым.

Президент Эрдоган Түрк-орус биргелешкен көзөмөлдөө борборунда кызмат кылып жаткан түрк жоокерлери менен жолуккандан кийин Бакуга барды. 16-июнь күнү Президент Эрдоган Азербайжан Парламентинде сөз сүйлөдү. Эрдоган парламентте сүйлөгөн сөзүндө Кавказ аймагында тынчтык жана стабилдүүлүктүн орношу үчүн Түркия менен Азербайжандын кошуналары менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандан кайтып келе жатып журналистер менен баарлашуусунда Шуша декларациясы алкагында аскердик база ачуу ыктымалы бар экендигин, бул маселенин тиешелүү тараптар менен келечектеги сүйлөшүүлөрдө тактала тургандыгын билдирди. Орус жетекчилери Эрдогандын билдирүүсү боюнча журналисттердин суроолоруна процессти кунт коюп байкап турабыз деген таризде жооптор беришти.

Урматтуу окурмандар, Шуша декларациясында “Тараптардан биринин эгемендүүлүгүнө жана территориялык бүтүндүгүнө үчүнчү мамлекет тарабынан коркунуч жаралса, тараптар бири-бирине керектүү жардамды камсыз кылат” деген берене бар. Бул берене Түштүк Кавказдагы тең салмактуулуктун сакталып турушу үчүн маанилүү болуп эсептелет. Шуша декларациясы Түркиянын Кавказ аймагынын негизги акторлорунун бири экендигин тастыктаган документ болуп саналат. Россиянын Тышкы иштер министирлигине караштуу Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Сергей Маркедонов “Спутник” радиосунун сайтына жазган макаласында: “Батыштагы мамлекеттер Грузия, Украина жана Молдовадагы кризистерде Россияга каршы сөз жүзүндө каршылык билдирүү менен чектелишкен. Түркия болсо Россиянын жакын чөйрөсү катары эсептелген Кавказдагы согуштун нугуна түздөн-түз таасир этти. Түркия аймакка НАТОнун мүчөсү катары эмес, Евразиянын ири мамлекети катары келди. Шуша декларациясы Түркия-Азербайжан мамилелерин иш жүзүндө эң жогорку деңгээлге чыгарды”, - деп учурдагы абалды калыс көрсөткөн.

Түркиянын Кавказ аймагында таасирдүү болушу Анкаранын Орто Азия мамлекеттери менен мамилелерине оң таасирин тийгизет. Зенгезур транспорт коридору ачылып калса, бул коридор Чыгыш-батыш байланышын эң кыска жол аркылуу камсыз кылган транспорт коридору болуу менен гана чектелбестен аймактын экономикалык абалынын оңолушуна салым кошо алат. Россиянын Карабах согушун токтотууга кошкон салымы жана Грузиянын Азербайжан менен Армениянын ортосундагы туткундардын бошотулушундагы ортомчулук ролу, аймактык кызматташуунун аябай маанилүү экендигин тастыктады. Эрдоган жана Алиев тарабынан сунушталган алты тараптуу платформа Кавказдын жаркын келечеги үчүн чоң мүмкүнчүлүк десек жаңылышпайбыз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар