Буларды билесиздерби?

Мезир пастасы,

1662867
Буларды билесиздерби?

Жыл сайын фестивалы өткөрүлгөн «Месир мажунунун» башкача айтканда мезир пасатасынын 500 жылдык тарыхы бар экенин билесиздерби?

Шыпаалуу деп эсептелген мезир пастасынын пайда болушу бир тарыхый окуяга негизделген. Кануни Султан Сүлеймандын энеси Хафса Султан Манисада белгисиз дартка чалдыгат. Бул ооруну айыктыруу үчүн Султан мечити медресесинин дарыгери 41 түрдүү өсүмдүк жана татымалдардан турган аралашма даярдайт. Мезир пастасы деген ат менен ушул күнгө чейин келген бул шыпаалуу аралашма Хафса султанды кыска убакытта айыктырат. Султан айыктырган аралашманы жыл сайын Нооруз жумасында элге таркатылышын айтат. Кичинекей кагаздарга оролгон  паста Султан мечитинде элге таркатылат. Ошол күндөн бери жыл сайын ошол мезгилде Манисада шаан  - шөкөт өткөрүлүп, Султан мечитинин айланасына чогулган элге таркатылууда.

Мезир пастасы  муундан муунга өтөрүлгөн салттуу маалыматтардын негизинде даярдалат. Курамында  анис, кара зире, кычы данеги, кокос, кардамон, кара мурч, зире, кориандр, ревень, шафран, сагыз, корица, ванилин, калемпир, имбирь, галангал, апельсин кабыгы, сена, фенхель сыяктуу чөптөр менен татымалдар бар. Адамга энергия, күч берет. Өзгөчө егзема жана айрым тери оорулары үчүн да пайдалуу.

Курамындагы татымалдардан улам жөтөлдү жок кылып, дем алуу системасын жеңилдетет. Курамындагы айрым татымалдар ооруларды басаңдаткандыктан ревматизм оорусуна да пайдалуу.



Тектеш кабарлар