НАТО саммити жана Түркия  -  Америка карым  - катнаштары

Коопсуздук  изилдөөлөр боюнча директор, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1661623
НАТО саммити жана Түркия  -  Америка карым  - катнаштары

Урматтуу окурмандар, Брюселде НАТО саммитинин негизинде  кызыгууларды тарткан темалардын башында Түркия  -  Америка карым  - катнаштары турат.

Коопсуздук  изилдөөлөр боюнча директор, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Эрдоган  -  Байден жолугушуусу өткөн күндөрдөгү жолугушууларда болгондой орчундуу бир жолугушуу болду жана Байден башкаруусу менен Түркиянын ортосундагы келечектеги бир канча жылдык процесске таасирин тийгизе турган мүнөздө маанилүү эле. Түркия эки тараптуу карым  - катнаштарда үч принципти алдыңкы планга чыгарды. Биринчиси, эки тараптуу мамилелерди аныктоонун концептуалдык негизин калыбына келтирүү эле. Суук согуштан кийин эки тарап тең карым  - катнаштарды аныктоо үчүн бир нече түшүнүктү колдонду. Стратегиялык өнөктөштүк жана модель өнөктөштүк сыяктуу негизинен эки тараптуу карым  - катнаштар жактан ичи толтурула албаган бир топ алкактык түшүнүктөргө артыкчылык берилди. Булардын айрымдарынын ичи эч толтурулган эмес же кыска убакыттуу карым  - катнаштарга багыт берген психологиялык бир атмосфера түзүүдөн башка нерсе болгон эмес. Ушул себептен Түркия өзүнүн көз карандысыздыгына сый көрсөткөн жана тең салмактуу карым  - катнашты талап кылды.

Экинчиси эки тараптуу карым  - катнаштарын реалдуулукка шайкеш келүү маселеси болгон.  Түркия реалдуулуктан алыс  карым  - катнаштын пайдасынын жок экендигин эске салды. Вашингтон башкаруусу да Анкаранын реалдуулуктан алыс Түркия  -  Америка карым  - катнаштарын улантууну каалабагандыгын түшүнгөндөй. Байдендин билдирүүлөрү Түркия менен болгон маселелерди чечүүгө даяр экендигин көрсөттү.

Түркия  -  Америка карым  - катнаштарынын эң орчундуу жагы реалдуулук менен шайкеш келбеген маселелердеги келишпстик болду. Жолугушууда ПЙД – ЙПГ, ФЕТӨ, С  - 400 сыяктуу маселелер кайрадан сүйлөшүлдү. Бир тараптан АКШнын CAATSAнын  (Санкциялар аркылуу Американын Душмандарына каршы туруу) негизинде ишке ашырган санкциялар бир тарапка ташталып, көрбөстүккө салынышынын мүмкүн эмес экендиги билдирилди. Эки лидер тең бул маселе боюнча тиешелүү министрликтердин байланышта болорун билдиришти. Демек, жакынкы мезгилде кээ бир маселелерди жеңилдетүүнү күтсө болот.

Жолугушууларда баса белгиленген дагы бир жагдай, Түркия-Америка карым-катнаштарын туруктуу кылуу болду. Жолугушуудан кийин жасалган билдирүүлөрдөн түшүнүктүү болгондой, эки өлкө тең бул мамилени туруктуу кылууну каалашат.

Эгерде Түркия менен АКШ ушул үч принцип боюнча белгилүү бир бүтүмгө келе алышса, анда башка маселелер жөнүндө дагы реалдуу сүйлөшүүгө болот. Түркиянын күндөн-күнгө жогорулап бараткан кубаттуулугун жана тышкы саясаттагы жигердүүлүгүн көрмөксөн болгон тышкы саясий стратегия ийгиликсиз болот. АКШ муну көрүп, түшүнүп жаткандай. Ушул себептен, НАТО саммити Түркия-Америка мамилелеринде жаңы барак ачууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

 

 



Тектеш кабарлар