Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Түркияда расмий иш сапары менен болду

Евразия күндеми-24

1660259
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Түркияда расмий иш сапары менен болду
SADIR CAPAROV RESMİ ZİYARET 4.jpg
SADIR CAPAROV RESMİ ZİYARET 13.jpg
SADIR CAPAROV RESMİ ZİYARET 5.jpg
Erdoğan Caparov Kırgızistan.jpg

Ардактуу интернет колдонуучулар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Түркияга жасаган расмий иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнь күндөрү  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияда алгачкы иш сапары менен болду. 9-июнь күнү Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Садыр Жапаровду Анкара шаарында расмий азем менен тосуп алды. Алгач эки мамлекеттин президенттери тет-а-тет форматында жолугушту. Андан соң 5-Кыргызстан-Түркия жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны болду. Жолугушуулардын соңунда айыл-чарба, медицина, маданият, спорт сыяктуу тармактарды камтыган 7 келишимге кол коюлду.

Ошол эле күнү эки өлкө президенттери жубайлары менен биргеликте 4-Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышышты. Чыңгыз Айтматовдун мурасы болгон бул форумдун алгачкы этабы өткөн жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнь күнү Президент Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу жана регионалдык мамилелер талкуланды.

Президент Жапаров андан соң Түркиянын соода- өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигине барды. Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин Экономика жана техника университети Жапаровго “ардактуу профессор” наамын ыйгарды. Жапаров Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинде түрк ишкерлерине кайрылды. Президент үстүбүздөгү жылдын 8-9-август күндөрү Ысык-Көлдө боло турган Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин ишкерлер форумуна түрк ишкерлерин жигердүү катышууга чакырды.

Ошол эле күнү Жапаров Түркияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Жолугушууда кыргызстандыктардын көйгөйлөрү талкууланды.

Жапаров иш сапарынын алкагында Түрк Кеңешинин жооптуу катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Жапаровдун иш сапары Кападокия аймагын кыдыруу менен жыйынтыкталды.

Урматтуу окурмандар, президент Жапаровдун Түркияга жасаган иш сапары Кыргызстан-Түркия мамилелеринде жаңы баракты ачты. Тышкы саясатта Россия жана Кытайга каршы тең салмактуулукту сактоо үчүн Кыргызстан боордошу болгон Түркия менен тыгыз кызматташтыкта болушу абзел.

Тажикстан-Кыргызстан чек арасында болгон соңку окуялар коргонуу жаатында Кыргызстандын Түркия менен жаңы келишимдер түзүп, коргонуу курал-жарактарын сатып алышы керек экендигин айгинеледи. Бул теманын Анкарада талкууланганы боюнча кабарлар массалык маалымат каражаттарында орун алды.

Кыргызстан соода-өнөр жай палатасын Түркиянын палаталар жана биржалар биримдиги сыяктуу таасирдүү мекемеге айлантуу боюнча тараптар кызматташа турган болушту. Иш сапарынын алкагында Чүй облусунда биргелешип өнөр жай аймагын куруу маселеси күн тартибине киргизилди.

Түркия тарабынан Бишкекте курулган жана пандемия учурунда өлкөгө чоң пайдасы тийген Кыргыз-түрк достук ооруканасынын расмий ачылышын жасоо маселеси талкуланды. Эки мамлекеттин ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстандан бейтаптар Түркияда даарыланып келе жатышкан эле. Мындан ары бейтаптарды аты аталган ооруканада дарылоо каралып жатат. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапарынын учурунда кыргызстандык 20 врачтын Түркияда 2 жылдык тажрыйба алуусу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди. Кыргыз-Түрк Манас университети кийинки окуу жылы медицина факультетине студент кабыл ала тургандыгын жарыялады. Бул иш-аракеттердин баары кыргыз-түрк кызматташтыгынын өнүгүшүнө салым кошот.



Тектеш кабарлар