Буларды билесиздерби?

«Көк жылдыз гүлү»

1634032
Буларды билесиздерби?

Бир жылда эки жума гана чыккан «көк жылдыз гүлү» башкача айтканда «чыгыш амсониясы» Берн конвециясы менен коргоого алынганын билесиздерби?

Көк жылдыз гүлү (чыгыш амсониясы)  Трабзондун Тония районунда болжол менен 1300 метр бийиктикте, Кадыралак жайлоосун жыл сайын жаз мезгилинде сыя түскө боёйт.

Чындыгында, көгүлтүр жылдыздай көрүнгөн бул сейрек кездешүүчү гүл, жок болуп кетүү алдында турган өсүмдүктөрдүн катарына кирет.

"Эл аралык Берн конвенциясынын" негизинде коргоого алынган, узун жалбырактуу "көк жылдыз" гүлү өскөн бийик тоолуу аймак жаратылыш паркы болду. Төрт тарабы карагайлар менен курчалган платонун сыя түсү өзгөчө көрүнүштөрдү жаратат. Платонун мындай укмуштуу көрүнүшү жаратылыш сүйүүчүлөрдү жана фотографтарды аймакка тартууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар