Анадолунун алгачкылары - 09. 2021

Дүйнөдөгү чөгүп кеткен эң эски кеме.

1634033
Анадолунун алгачкылары  - 09. 2021

Адамдар дарыяларга үстөмдүк кыла баштагандан кийин мурдагыдай алардын күчүнөн коркпой, суу ташкындарынан аман калуу үчүн курмандык чалбай калышкан. Мынa ушундайча дарыялар качан эмне деген шумдукту көрсөтүп жибериши белгисиз күчтүү жандыктар катары коркутпастан жөн гана кызыгуу жарата баштаган. Алгач адамдар чакан салдарды жасашып, кыска аралыктарга жана тайыз сууларда саякаттай башташкан. Дарактын кабыктарын калак катары колдонгонду үйрөнүшкөндөн кийин терең сууларга карай чыга башташкан. Бул жөнөкөй бирок эффективдүү ачылыш соода-сатыктын башталышы деп эсептелген товар алмашууга негизделген саякаттардын башталышына да жол ачкан. Убакыт өткөн сайын, бул чектелген саякат адамдар үчүн жетишсиз боло баштайт. Дарыялар бүткөн жерден башталып, уч кыйырсыз чалкып жаткан туздуу сууларды көргөн адам баласы ал суулардын ары жагында эмнелер бар экенине аябай кызыгып көргүсү келип, анан белгисиз нерсеге болгон кызыгуусунан улам деңиз аркылуу саякат кылууну ойлой баштаган. Мына ушундайча адам баласы үчүн ошол таң калыштуу терең сууларда сүзө алган унаалардын түрүнө муктаждык туулат. Ошентип дарактардын сөңгөгүнөн оюлуп, азыркы заманбап кемелердин примитивдик түрү болгон кайыктар жасала баштаган. Египетте мындан алты миң жыл мурун жасалганы божомолдонгон мындай кемелер адамзат тарыхындагы эң маанилүү бурулуштардын бири болгон. Ушул эле учурда шамалдын күчүн баамдап, кемелерде парус колдоно баштаган адам баласынын алдында чексиз дүйнөгө карай жол ачылган!

Археологдордун айтымында, парус алгач Египетте жана Месопотамияда колдонулган. Адам баласы шамалдын жана парустун жардамы менен калакты колдонбостон эле канчалаган оор жүктөрдү оңой эле алыска ташый алган. Оболу жакын чөйрөлөрү менен соода жүргүзгөн дүйнөнүн алгачкы деңиз соодагерлери акырындап Анадолунун түштүгүндөгү мамлекеттер менен, андан кийин батыштагы цивилизациялар менен деңиз аркылуу соода жүргүзө башташкан. Жер Ортолук деңиз ачык деңиздерге караганда коопсуз болсо да кемелердин чөгүп кеткен учурлары кездешип турган... Ошол чөккөн кемелердин саясында байыркы цивилизациялар жана өткөн доорлор жөнүндө биз ойлогондон да көп нерселерди үйрөндүк...

Анадолу аймагында миңдеген жылдар бою ондогон цивилизациялар курулган. Археологиялык бейиш деп эсептелген бул аймактагы тарыхый жерлердин көпчүлүгү ачык асман алдындагы музейлер катары билинет. Анадолу аймагында күн сайын илим дүйнөсүн таң калтыра турган жаңы ачылыштар жасалып келет. Бул ачылыштардын айрымдары калыптанып калган кандайдыр бир илимий көз караш же негизди жокко чыгарса, айрымдары мурдагы маалыматтарды бекемдеп турат. Тоолор, таштар жана түздүктөр “мен тарыхтын өзүмүн, келгиле мында көп нерселерди айтып берейин” деп жатышкандай сезилет. Жалаң кургактыктагы тарыхый орундар эле бизге байыркы доорлорду, адамзаттын тарыхый өтмүшүн айтып берише алабы? Албетте жок! Анадолунун деңиздеринин да айта турган сөздөрү жана көптөгөн икаялары бар. Илим дүйнөсүндө Түркиянын территориялык суулары, деңиз археологиясынын башталгыч жери болуп эсептелет. Себеби бул аймактагы деңиздер байыркы доордон баштап деңиз цивилизациясынын мекени болуу менен бирге көптөгөн цивилизациялардын транзиттик жолун түзүп турган. Үч тарабынан деңиз менен курчалган бул географиялык аймак алгач соода кемелеринин жана деңиз флотунун, андан кийин жүргүнчү кемелери менен изилдөөчүлөрдүн алмаштыргыс маршруту болуп калган.

«Дүйнөдөгү алгачкы чөккөн кеме» Түркиянын түштүгүндө биринчи жолу Анталиянын кумдуу жээктеринен табылган. Ушундай кыйроого дуушар болгон кемелерден бирөөсү «Гелидоня кеме чөгүндүсү». Бул кеме бир чумкунучтун сууга сүңгүгөн учурунда көргөн жез куймалары менен чөккөн кеме тууралуу айтып бергенинен улам табылган. Жүгү жез, коло жана калай куймаларынан турган бул кеменин мындан 3200 жыл илгери жасалганы тактап айтканда акыркы коло дооруна таандык экени көмүртектин жардамы менен жүргүзүлгөн илимий лабараториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган. Кургактыкта ​​жүргүзүлгөн археологиялык казуулардын стандарттарына ылайык дүйнөдөгү биринчи суу астындагы казуу иштери дагы ушул чөккөн кеменин изилдениши учурунда жүргүзүлгөн. Башка сөз менен айтканда, илимий жактан “дүйнөдөгү мындай кеме чөгүндүлөрү боюнча системалуу түрдөгү биринчи суу алдындагы археологиялык изилдөө” Гелидоня кеме чөгүндүсү үчүн жүргүзүлгөн. Суу алдындагы калдыктарды казуу иштери 1960-жылы башталып, бир сезондо аяктаган. Чөгүп кеткен коло балта, казык, найза, айыл чарба жана ашкана шаймандары миңдеген жылдар өткөндөн кийин деңиздин түбүнөн чыгарылган... Гелидоня кеме чөгүндүсүнүн дагы бир таң калыштуу оор жүгү - бул металл сыныктары. Булар ошол доордогу адамдардын азыркы учурдагыдай кендерди кайра иштетишкенинин далили. Бул табылгалар жана маалыматтар менен 3200 жыл мурунку ата-бабаларыбыз бизди дагы бир жолу таң калтырышып отурат.

Казылган экспонаттар Бодрум сепилин суу алдындагы музейге айландыруу менен бир эле учурда Түркиянын биринчи суу алдындагы музейин негиздөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Гелидоня археологиялык казуу иштери Америкадагы суу алдындагы археологиялык изилдөөлөрдүн башталышына себеп болгон. Мындайча айтканда дүйнөдө суу алдындагы жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр Гелидоня кеме чөгүндүсүнүн ачылышы менен башталган!

1984-жылы Анталиянын Каш районунда табылган Улубурун кеме чөгүндүсү “Дүйнөдөгү эң алгачкы чөккөн кеме” деген наамды Гелидоня кеме чөгүндүсүнөн  тартып алган. Анткени бул кеме Гелидоня кемесинен 200 жыл мурун чөккөн. “20- кылымдын эң чоң ачылыштарынан бирөөсү” катары Улубурун кеме чөгүндүсүнө жүргүзүлгөн археологиялык казуулар он бир сезонго созулган. Миңдеген чумкуулардын натыйжасында жез куймалары, кобальт көгүшү, бирюза жана лаванда түстүү тегерек жалпак айнек куймаларынан турган уникалдуу экспонаттар табылган. Эң байыркы чийки зат катары кабыл алынган бул айнек куймалар ошол мезгилде айнек соодасынын Сириядан Эгейге чейин жүргүзүлүп турганын далилдеп турат. Мындан тышкары бул кеме чөгүндүсүнөн пил менен бегемоттун тиштери, коло жебелер, найзалардын учтары жана канжарлар чыгарылган.

Дүйнөдөгү эң алгачкы чөккөн кеменин окуясы мындайча болгону божомолдонууда:

Ташыла турган жүктөр кемеге жүктөлүп, бардыгы кетүүгө даяр болчу. Ошентип кеме якорун көтөрүп Кипрден жолго чыгат. Өтө көп жез ташыган кеме мемиреп чалкып жаткан деңизде сүзүп барат. Бир оокумда бороон башталып, кеме айласыздан толкундардын агымына кабылат. Жүгүнүн салмагынан улам бороонго туруштук бере албаган кеме Анталияга жакын жердеги көгүлтүр суунун түбүнө чөгүп кетет. Кемедеги моряктар эч качан үйлөрүнө кайтпагандай эле жүк дагы эч качан жеткирилбей суу алдында калат.

Албетте бул айтылгандар Батыш Анталиядагы алгачкы чөккөн кеменин окуясын так сүрөттөй албайт. Балким, окуялар андай болгон жок, балким, ал күнү таптакыр башка нерсе болгондур. Дегинкиси мындан 3600 жыл мурун эмне болгонун так билүү мүмкүн эмес... Ал эми бул айтылгандар - эксперттердин божомолуна таянган гана маалыматтар... Кандай гана болбосун ошол окуя кеменин чөгүп кетишине, деңиздин түбүндө көпкө чейин жатып, кайрадан ачыла турган күндү күтүп туруусуна себеп болгон... Улубурун кеме чөгүндүсү ачылып, андан 35 жыл өткөндөн кийин табылган Батыш Анталиядагы кеме чөгүндүсү, Анталиянын сууларындагы дагы бир жаңы ачылыш болду. 35 жыл кийин табылганына карабастан Батыш Анталияда кеме чөгүндүсү Улубурун кеме чөгүндүсүнөн 200 жыл мурдагы окуя деп божомолдонууда. Мына ошентип Батыш Анталия кеме чөгүндүсү дүйнөдөгү эң алгачкы чөккөн кеме болду. Бул чөгүндү Түркия территориялык сууларында жана жалпы эле дүйнөдө табылган эң байыркы чөккөн кеме болуу менен бирге суу алдындагы археологиянын тарыхый багытын өзгөртүп эле калбастан суу астындагы дүйнөнүн Гөбеклитепеси деп да аталууда. Анткени Батыш Анталия чөгүндүсү – бул чөгүп кеткен эң эски соода кемеси. Казуу учурунда ар кандай формадагы бир жарым тонна жез куймалары табылган. Ошондуктан, эксперттер аны дүйнөдөгү эң байыркы, балким өнөр жай продукциясын ташыган алгачкы кеме деп эсептешүүдө.

Адам баласынын деңиздерге карай ачылышы, бири биринен айырмаланган ар кандай географиялык аймактарга кадам таштоо менен бирге жаңы маданияттар менен таанышып, карым катнашта болуусуна жана сооданын башкача өлчөмдө өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн. Мисалы, азыркы Сирия менен Ливандын айланасында жашаган жана күчтүү кемелерге ээ болгон финикиялыктар өздөрү өндүргөн кымбат баалуу буюмдарын -кээ бир тарыхчылардын айтымында- Месопотамияга, Грецияга, ал тургай Британияга дейре ташып барышкан! Анадолу жээктери да дайыма ушул маанилүү соода жолунун борборунда турган. Бул сууларда жасалган эң маанилүү казуулар дүйнөлүк суу археологиясынын алгач Түркиянын аймактык сууларында жүрүзүлүп, өнүгө баштаганын баса белгилеп турат. Бул сууларда дүйнөдөгү эң алгачкы чөккөн кемелерди учуратуу менен бирге алардан табылган баа жеткис экспонаттар менен маалыматтарга ээ боло алабыз. Канчалык көп табылгалар чыгарылса да биздин деңиздердин алдында дале табыла турган көптөгөн кеме чөгүндүлөрү бар экени шексиз. Дегинкиси Анадолу аймагында мейли жер астынан болсун мейли деңиз тереңдигинен болсун тарыхтын агымын көрүүгө болот.

Урматтуу окурмандар, бүгүн Анадолунун эле эмес, дүйнөнүн эң байыркы кемелери жөнүндө сөз кылдык. “Түркия үнү” радиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.

 



Тектеш кабарлар