Венгриянын Орто Азия мамлекеттери менен мамилеси бекемделүүдө

Евразия күндеми-15-21

1622897
Венгриянын Орто Азия мамлекеттери менен мамилеси бекемделүүдө
Özbekistan-Macaristan.jpg
tajikistan
özbekistan-kazakistan-1.jpg
Kırgızistan Ak Kalpak günü 1.jpg
Türk Konseyi sammit.jpg
Türk Konseyi Bayraklar.jpg

Ардактуу угармандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында венгриялык лидерлердин Орто Азия мамлекеттерине жасаган иш сапарлары тууралуу сөз кылабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 29-31-март күндөрү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Өзбекстанда иш сапары менен болду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Виктор Орбанды салтанаттуу тосуп алды. Жолугушуулардан соң эки мамлекеттин ортосундагы 10 келишимге кол коюлду. Өзбекстан-Венрия мамилелери стратегиялык деңгээлге көтөрүлдү. Банк кызматы, айыл-чарба, жергиликтүү башкаруу тармактарында конкреттүү кызматташтык башталды. Алгачкы жолу Өзбек-Венгр ишкерлер кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Иш сапардын алкагында Ректорлор форуму уюштурулду. Дебрежен университетинин филиалынын Ташкент шаарында ачылышы жана айыл-чарба, биотехнология, фармацевтика адистерин даярдоо боюнча келишимге кол коюлду. Эскерте кетчү жагдай, Венрия жыл сайын Казахстандан 250, Кыргызстандан 150 студенттин өз университеттеринде акысыз билим алышына квота бөлүп келет.

31-март күнү Орбан видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн Түрк Кеңеши саммитине катышып, сөз сүйлөдү.

Үстүбүздөгү жылдын 6-9-апрель күндөрү Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийарто Орто Азия мамлекеттеринде иш сапары менен болду. Петер Сийарто Казахстан, Кыргызстан жана Тажикстан президенттери тарабынан кабыл алынды жана тиешелүү министрлер менен жолугушту.

Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийартонун иш сапары Казахстандан башталды. Петер Сийарто Казахстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Тлеуберди Эл аралык Астана финансы борборунда Венгриянын Экспорт жана импорт банкынын кеңсесинин ачыла тургандыгын билдирди. Петер Сийарто өлкөсүнүн Евразия өнүгүү банкына кошулууну пландаганын жарыялады. Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри ири казак ишкерлери менен жолугушту. Петер Сийарто мындан сырткары Эл аралык Түрк Академиясына барып, Венгрияга тиешелүү жаңы басылган китептердин бет ачар аземине катышты.

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрель күнү Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийарто Тажикстанда болду. Душанбеде Петер Сийарто Венгриянын ардактуу консулдугунун кеңсесинин ачылыш аземине катышты. Ошол эле күнү Тажик-Венгр инвестиция форуму уюштурулду.

Үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күндөрү Петер Сийарто Тажикстандан Кыргызстанга барды. Бишкекте болуп өткөн жолугушуулардан кийин Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин жакында Европа Биримдигине мүчө кээ бир мамлекеттердин визаларын бере баштай тургандыгы  жана Кыргызстандын Венгрияда элчилик ача тургандыгы билдирилди. Эки мамлекет ортосунда 5 келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимдер арасында 50 миллион доллар резерв менен курула турган Кыргыз-Венгр фонду да бар.

Урматтуу окурмандар, маалыматтардан байкалгандай эле Венгриянын премьер-министри менен Тышкы иштер министринин Орто Азия мамлекеттерине жасаган иш сапарлары байсалдуу болду десек жаңылышпайбыз. Венгриянын Орто Азия мамлекеттери жана жалпы Түрк дүйнөсү менен кызматташтыгы бекемделип жатат.

Венгрия Орто Азия мамлекеттеринин стратегиялык өнөктөшү болгон Россия жана Түркия менен жогорку деңгээлде кызматташып келет. Ошондуктан Венгрия Орто Азия мамлекеттери менен мамилесин кыска убакытта эң жогорку деңгээлге чыгарышы толук мүмкүн деп айта алабыз. Венгрия Орто Азия мамлекеттери үчүн Европа Биримдигине ачылган дарбаза позициясында. Түрк Кеңешинин Будапештте ачылган өкүлчүлүгү мунун алгачкы айкын кадамы десек жаңылышпайбыз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар