Түркия - Ливия карым - катнаштары

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1624496
Түркия  -  Ливия карым  - катнаштары

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн (УБӨ) премьер-министри Абдулхамид Дибейбе кызматка киришкенден бери, өкмөттүн өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлерден турган (Президенттик кеңешти кошо алганда) делегациясы менен 2021-жыл 12- апрелде Анкарага жогорку деңгээлдеги иш сапарын жасады. Дибейбе Анкарага 14 министри менен келди. Түркия-Ливия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны ушул алкакта өткөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөттөр ортосунда беш маанилүү келишимге кол коюлду.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Сапар биринчи кезекте символикалык мааниге ээ. Дибейбе 2021-жылдын 5-февралында премьер-министр болуп дайындалгандан бери, Дибейбе менен бирге Президенттик Кеңештин (ПК) төрагасы Мухаммед Юнус эль-Менефи да көптөгөн мамлекеттердин өкмөттөрүнөн жана мамлекет башчыларынан куттуктоолорду жана колдоо билдирүүлөрүн алышты. Куттуктоолор жана колдоо билдирүүлөрүнүн артынан көптөгөн зыяратчылар келишти. Ушул убакытка чейин Дибейбе жана Менефи чет өлкөлөрдүн борбор шаарларында болушуп, көптөгөн чет элдик делегациялар менен конокторду Триполиде кабыл алышты.

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү (УБӨ) узакка созулган баш аламандыктан кийин бөлүнүп-жарылууну жок кылган мыйзамдуу структура катары пайда болгондон кийин, учурда Ливиядагы саясатка катышкан бардык актерлор Улуттук биримдик өкмөтү менен мамиле түзүүгө аракет кылып жатышат. Бул мамлекеттердин катарына Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Египет, Россия жана Франция кирет. Аталган өлкөлөр мурда Хафтерди колдоп Улуттук биримдик өкмөттү негиздеген Улуттук консенсус өкмөтүн (UКӨ) кулатууга аракет кылышкан.

Учурдагы актёрлор гана эмес, келечекте Ливиядан пайда көрүүнү каалаган актерлордун баары Улуттук биримдик өкмөтү менен байланышууга, жакшы мамилелерди түзүүгө, ага белгилүү таасирин тийгизүү аркылуу келечекте Ливиядан жеңилдиктерди алууга аракет кылышууда. Ал эми Дибейбе жана Улуттук биримдик өкмөтүнүн ушул кезге чейин эң жогорку деңгээлдеги иш сапары менен Анкарага гана келиши, Түркиянын Ливиядагы саясий кырдаалга катышкан актёрлордун ичиндеги "теңдештердин биринчиси" позициясына чыгарып отурат.

Визиттин эң айырмаланган өзгөчөлүктөрүнүн бири - бул делегациянын өтө көп министрлерден турганы. Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн кабинети - премьер-министр Дибейбе тарабынан шаардын жана өлкөнүн ичиндеги көптөгөн тең салмактуулукту эске алуу менен түзүлгөн компромисс жана концессия кабинети. Технократиялык өңүтү күчтүү бул өкмөттүн негизги милдети - 2021-жылдын 24-декабрында өлкөнү шайлоого алып бара турган даярдыктарды көрүү, бөлүнүп-жарылган жана атаандаш мекемелер менен уюмдардын башын бириктирип, калкка кызмат кылуу. 2011-жылдан бери күчтүү бийлик курулбагандыктан жана 2014-жылдан кийин Хафтер баштаган жарандык согуш менен Хафтердин 2019- жылдагы Триполиге кол салышынан, ошондой эле туура эмес жүргүзүлгөн саясаттан улам Ливия бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоодон билим берүүгө, инфраструктурадан коопсуздукка чейин дээрлик бардык тармактарда олуттуу көйгөйлөргө дуушар болууда. Ливия эли үчүн саясий ишмерлердин идеологиялык багытынан маанилүүсү - алардын күнүмдүк жашоо шарттарын минималдуу деңгээлде жакшырткан кызматтарды көрсөтө билүүсү.

Ушул себептен, Дибейбе башкарган Улуттук Биримдик Өкмөтү адамдардын күнүмдүк жашоосун жогорку прагматикалык деңгээлде нормалдаштыра турган чечимдерди чыгарышы керек. Бул иш сапарында Дибейбе жана анын жакын командасы гана эмес, 14 аткаруучу министрдин аны коштоп жүрүшү жана ар бир аткаруучу министрдин өз тармагындагы түрк кесиптештери менен жолугушуу өткөрүүсү албетте келечекте ишке ашырыла турган кызматташтыктарга негиз даярдоодо чоң мааниге ээ. Ушул алкакта  тышкы иштер, өнөр жай, билим берүү, ички иштер, экология, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, турак жай, соода, каржы жана энергетика министрлери чогулушту. Ливиянын коргоо министрлигинин милдетин аткаруучу премьер-министр Дибейбе  Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен да жолугушту.

 

Жолугушуулардын натыйжасында Ливия менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин эң маанилүү жыйынтыгы бир түрк фирмасы тарабынан Ливияда курула турган үч электр станциясы болуп саналат. Ливияда төңкөрүш учурунда дагы, жарандык согуш маалында дагы көптөгөн инфраструктуралык элементтер зыян тарття.  Ошондой эле электр станциялары шалаакылык менен туура эмес башкарылгандыктан жана жакшы каралбагандыктан  үзгүлтүксүз кызмат көрсөтө албай калышкан. Бүгүнкү күндө Ливия элинин күнүмдүк жашоосуна терс таасирин тийгизген эң чоң көйгөйлөрдүн бири - электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы. Курула турган электр станциялары Ливиянын электр энергиясын өндүрүү жана камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүгө чоң салым кошот. Электр энергиясын өндүрүү жана жеткирүү жаатындагы бул кызматташтык мындан кийинки тажрыйба алмашуу ошондой эле ар кандай тармактардагы потенциалды арттыруу сыяктуу көптөгөн кызматташтыктардын башаты катары эсептелет.

Ливиядагы жаңы өкмөт - жаңы саясий стратегиялык кырдаалда Түркиянын маанилүү актер болгонун жана мунун башка эл аралык актёрлор тарабынан да кабыл алынгандыгын жакшы билет. Европа өлкөлөрү жана АКШ, Түркия болбосо учурда тынчтык  жана саясий процесстин туруктуулугун сактап калуу кыйын деп ойлошот. Ливия өкмөтү да Түркияны ушундай жогорку стратегиялык орунга коюуда. Сапар да мунун далили катары түшүнүлүшү керек.  

 

 



Тектеш кабарлар