Жаңы долбоорлорубузду ТРТ-Аваз менен биргелешип ишке ашырабыз

Түрк жана кыргыз дүйнөсүнөн-8-2021

1621541
Жаңы долбоорлорубузду ТРТ-Аваз менен биргелешип ишке ашырабыз

Түрк жана Кыргыз дүйнөсүнөн-8_2021

Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер, жазуучу, продюсер, кинорежиссер жана сценарист Садык Шер-Нияз Түркияга сапар жасап Анкарада бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Садык Шер-Нияз менен бирге Темирлан Сарлыкбек уулу, Асель Шерниязова жана Элчилик кызматкерлери Айбек Акаев, Бегимай Бактыбек кызы болуп ТРТ Аваз каналынын координатору Седат Сагыркая менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садык Шер-Нияз ТРТ-Аваз каналында «Курманжан датка» тасмасы түркчө дубляж менен Түркия калкына көрсөтүлгөндүгү үчүн Седат мырзага ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Садык Шер-Нияз Азия чөлкөмүндө сериалдар боюнча чоң фестиваль өткөрүү камылгасын көрүп жаткандарын, аны менен катар медиа шериктештик түзүү боюнча ТРТ-Авазга өзүнүн сунушун билдирди.

Каналдын координатору Сагыркая, ТРТ Аваз каналы Түрк дүйнөсүнө багытталган  канал экендигин айтып, бул демилгени сөзсүз колдой тургандарын билдирди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен бирге Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган мырзанын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу мырза менен жолугушууга барышты.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган мырзанын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу мырза Садык Шер-Нияздын ири долбоорун өзүнүн жана президенттин атынан колдоорун айтты.

Бул тууралуу маектешүүнү жогорудагы шилтемелерден көрүп, уга аласыздар.



Тектеш кабарлар