Түркиянын Орто Азия мамлекеттери менен аба байланышы өнүгүп жатат

Евразия күндеми-13

1613195
Түркиянын Орто Азия мамлекеттери менен аба байланышы өнүгүп жатат
özbek uçak.jpg
thy.jpg
THY.jpg
Türkistan havalimanı
istanbul havalimanı.jpg
manas havalimanı.jpg
antalya havalimanı.jpg

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Түркиянын Орто Азия мамлекеттери менен аба байланышы жана бул тармакка салган инвестициялары тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 21-март күнү Казахстандын Түркстан шаарындагы “Азирети Султан” эл аралык аэропортунан “FlyArystan” аба жолдору Стамбулга алгачкы сапарын жасады. Бул рейс Түркстандан чет мамлекетке жасалган алгачкы учак рейси катары катталды. “FlyArystan” Стамбулга аптада эки жолу сапар жасайт. Бул рейстердин санын келечекте аптада жети каттамга чыгаруу максатталып жатат. 2020-жылдын 1-декабрында ачылган “Азирети Султан” эл аралык аэропорту, Казахстандын эгемендүүлүк жылдарында түп-тамырынан жаңыдан курулган аэропорт экендигин белгилей кеткен оң. Аты аталган аэропортту “Актау” эл аралык аэропортун иштеткен “YDA Group” курду.

Үстүбүздөгү жылдын 25-март күнү “Манас” эл аралык аэропорту “Эти бакыр-Терексай” компаниясы менен Жалалабад облусунун Тогуз Тороо районундагы “Кербен” аэропортун чоңойтуу жана реставрация кылуу боюнча жолугушуу өткөрдү. “Эти бакыр-Терексай” компаниясы аты аталган аэропортко инвестиция салып, анын статусун “эл аралык” кылып өзгөртүүнү максат кылып жатат. 1979-жылы курулган аэропортту Кыргыз өкмөтү 2019-жылы ремонт кылган, бирок азырынча аэропорт колдонулбай турат. Белгилей кетчү жагдай, “Эти бакыр-Терексай” фирмасынын 75 пайыз акциясы түрктөрдүн  “Эти бакыр” компаниясына тиешелүү болуп саналат. “Эти бакыр-Терексай”  компаниясынын Кыргызстанда Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин иштетип келе жатканы маалым.

Ошол эле күнү Өзбекстандын Фергана облусунун басма сөз кызматы, “Түрк аба жолдорунун” Ферганага түз каттам жасай тургандыгын билдирди. “Түрк аба жолдорунун” Өзбекстандагы мүдүрү Селим Кахраман баштаган делегация Ферганадагы аэропорттун абалын көрүп келди. Ферганадагы жолугушууда аэропортту иштетүү маселеси да талкууланды. Ошентип Түркиядан Өзбекстандын жети шаарына учак менен келүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Түрк компаниялары Орто Азия мамлекеттеринин аба байланышы тармагына инвестиция салууну  көп жыл мурда эле баштаган. “TAV” өткөн жылы “Алматы” эл аралык аэропортун иштетүү уруксатын алды. “Kiklop İnşaat” Өзбекстандын “Самаркант” аэропортун ремонт кылган. “Alarko” фирмасы Түркмөнстандагы “Ашхабат”, Өзбекстандагы “Бухара”, “Самаркант” жана “Үргенч”, Казахстандагы “Нур-Султан” аэропортторун курган. Март айындагы акыркы жаңылыктар көрсөтүп тургандай эле, түрк компаниялары Орто Азия мамлекеттеринин аба байланышы тармагына инвестиция салууну жакшы темпте улантууда.

Урматтуу окурмандар, “Түрк аба жолдорунун” Өзбекстанда 7, Түркмөнстан жана Казахстанда 2, Кыргызстан жана Тажикстанда 1 шаарга учак каттамдары бар. Мындан сырткары “Пегасус” аба жолдору Казахстан жана Кыргызстанга учак каттамдарын жасап жатат. Орто Азия мамлекеттеринин аба жолу компанияларынын Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарларына учак каттамдары бар.

Авиация тармагындагы бул кызматташуу келечекте жаңы форматка өтүп, Түркия менен Орто Азия мамлекеттери биргелешип учак, тик учак, дрон чыгаруу иштерин жүзөгө ашырышат деп айта алабыз. Анткени түрк тектүү мамлекеттердин дарамети буга жетет.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар