АКШнын Кытай саясаты

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1613836
АКШнын Кытай саясаты

 Кытайды  маанилүү стратегиялык атаандаш катары көргөн АКШ Американын үстөмдүгүнүн Кытайга карата каршы чыгуу менен бетме  - бет экендигин түшүнүүдө. Бирок пайдубалы  Обама мезгилинде түптөлүп Кытайды  тең салмактоо үчүн ишке ашырылган «Азия бурчу» стратегиясынын толугу менен кандай ишке ашырылары туралуу маанилүү суроолор жаралууда. Байден башкаруусунун Кытайды чектөө жана тең салмактоону стратегиялык максат катары улантары бирок бул стратегиянын методдорунда айырмачылыктардын болору байкалууда. Блинкен жана Огустиндин Япония менен Түштүк Корея сапары жана Огустиндин өзгөчө Индия сапарлары Кытайга карата таштала турган кадамдардын  эң белгилүү багыттарын түзүүдө. Биринчи максат  салттык союздаштык байланыштарын күчтөндүрүү үчүн күчтүү бир саясий байланышты куруу. Андан кийин Кытайдын геосаясий кеңейүүсүнө  каршы бул демократиялык жана саясий алкакты экономикалык жана аскердик катары күчтөндүрүү.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Блинкен Японияда  колдонгон тил Байден башкаруусунун Кытайды экономикалык жана аскердик гана эмес,  борбордук либералдык тартипке коркунуч келтирет деп ойлой тургандыгын көрсөтүүдө. Демократия, адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгү сыяктуу тармактарда Кытайды көбүрөөк бутага алган жаңы башкаруу бул маселенин эл аралык тартиптин келечеги үчүн таймаш боло тургандыгын да билип турат.

Кытайга каршы глобалдык бир фронт түзүүгө аракет кылган Байден башкаруусунун эл аралык тартиптин өзгөрүшүнүн шартындагы башка бир максат да салттык союздаштык системаны оңдой тургандай түрдө батыш канатында геосаясий оңдоолорду ишке ашыруу.  Бул жерде Трансатлантикалык байланыштарда Трамп мезгилинде келтирилген зыяндарды жоюу жана пайда болгон жаракалардын терең геосаясий  жаркаларга айланбастан ылдам түрдө жабылышы Байдендин алдыңкылыктарынын арасында орун алууда. Блинкен НАТО министрлер жыйынынын негизинде барган Брюсселде бул мамиле дагы так түрдө ортого чыкты. Байден башкаруусунун бул жерде эки максаты бар. Биринчиси Трансатлантикалык геосаясий блоктун эң маанилүү тиреги катары иш алып барган НАТОнун стратегиялык миссиясынын кайрадан аныкталышы.  Трамп мезгилинде  жарака үндөрү дагы көп чыккан  жана союздаштык ичиндеги бөлүнүүлөр так көрүнгөн НАТО Байден башкаруусу үчүн эң биринчи оңдолушу керек болгон союздаштык системасы катары көрүнүүдө.

Союздаштыктын бир гана коргонуу жана коопсуздук уюму эмес экендигин баса белгилеген Блинкен Брюсселде саясий тарабын алдыга чыгарган НАТО күбөлүгүн ортого салды. Андан да маанилүүсү НАТОнун Кытайга карата мамилесинин кандай болору Трансатлантика геосаясий огунда эң көп талкууланган темалардын бири. Уюм катары «Кытайды түшүнүү»  этабында  экендерин  айткан башкы катчы Столтенберг Кытайга карата «коркунуч» түшүнүгүн дагы көп колдоно баштады. Акыйкаттан да Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Борреллдин  да Блинкен менен сүйлөшүүсүндө бул мамиленин кайталанган сөзгө айлангандыгы байкалууда.

Кытай менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болгондугун билген Европа ошол эле учурда бул иштин стратегиялык бир таймаш  экенин да билет. Ошондуктан Байден үчүн НАТОнун Россия жана Кытайга каршы курула турган Трансатлантикалык жаңы келишимдин тиреги экендиги белгилүү. 

Байден  башкаруусунун максаттарынын экинчиси болсо Трансатлантика огундагы бөлүнгөн батыш геосаясий жагын оңдоо. НАТОнун министрлер саммитине катышкан Блинкен менен бирге Байдендин Европа Биримдиги лидерлеринин саммитине видеоконференция аркылуу катышышы, Кытайга жана Россияга көңүл бурушу Европага карата бир ылайыкташуу мүнөзүндө.

Блинкен Европага АКШнын Кытай менен күрөшүндө «биз мененсиң же алар мененсиң» деген жолду сунуш кылбагандарын айтса да барган сайын Европаны Кытай маселесинде тандоого мажбурлай тургандары белгилүү. Европа Биримдигинин бул күндөрдө турмушка ашырууга аракет кылган жаңы стратегиялык автономиялык саясатын калыбына келтирүүдө тынчсызданууларынын бири да Кытай. Ушул себептен Кытайга каршы стратегиялык бир бүтүндүктүн түзүлүшү үчүн АКШнын лидерлигине  макул боло турган Европадан да сөз болууда.



Тектеш кабарлар