Улуттук Чалгындоо Уюмунун чек аранын тышындагы операциялары

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1609441
Улуттук Чалгындоо Уюмунун чек аранын тышындагы операциялары

Улуттук Чалгындоо Уюмунун чек аранын тышындагы операциялары

Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму акыркы жылдарда абдан чоң операцияларды жүргүзүп, Ирак жана Сирияда террордук уюм ПККнын мүчөлөрүнө карата ишке ашырган операциялары өзгөчө  көңүлдөрдү бурууда. Ушунун негизинде ПКК/КЖКнын  Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин командири «Шех Гуйи» каймана аттуу террорист Ибрахим Бадатты кыска убакыт мурда Сирияда кармап Түркияга алып келиши Улуттук Чалгындоо Уюмунун мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүнүн келген жерин көрсөтүүсү жактан абдан маанилүү.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркия татаал бир аймакта жашоосун улантып,  керек болсо геополитикалык, керек болсо айткандарынын негизинде чоң каршы чыгуулар менен бетме  - бет келип жатат.  Ошондуктан Түркия ичинде жана жакынкы аймакта Түркиянын улуттук кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн бардык каражаттарын колдонууда.

Жумшак күч каражаттары, дипломатия жана аскердик тоскоолдуктардан тышкары чалгындоо уюмдары да чоң роль ойноодо. Ушунун негизинде Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюмунун Түркиянын айткандары жана ага карата багытталган каршы чыгуулар менен күрөшө ала тургандай түрдө өнүккөндүгүн байкап жатабыз. Оболу 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын дароо эле артынан жаңы коопсуздук доктринасынын негизинде Улуттук Чалгындоо Уюмуна олуттуу мааниде инвестиция салынып, уюмдун мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүгүндө да олуттуу мааниде өнүгүүнүн болгондугун айтууга болот. Керек болсо адам ресурстары, керек болсо техникалык мүмкүнчүлүктөрү  өскөн Улуттук Чалгындоо Уюму Түркия менен бирге өзгөчө Ирак жана Сирияда да маанилүү операцияларды жүргүздү.

Түркиянын Ирак жана Сирияда жүргүзгөн «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы», «Чечкиндүүлүк кыймылы» сыяктуу чоң чек ара тышы операцияларында абдан маанилүү ролду алган Улуттук Чалгындоо Уюму ошол эле учурда ПКК террордук уюмдун жетекчилеринин ысымдарын аныктоо жана жок кылынышында да чоң роль ойноду.

Акыркы жолу Улуттук Чалгындоо  Уюмуна караштуу бөлүктөрдүн Түркия чек арасына 50 километр ичкериде Сириянын Ракка аймагында террордук уюм ПКК/КЖКнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин командири «Шех Гуйи» каймана атту террорист Ибрахим Бабатты кармап Түркияга алып келиши  террор менен күрөшүүдө абдан чоң ийгилик болду. Тийиштүү кишилерден алынган маалыматтар менен террордук уюмдун бир топ жерлери менен уюмдун өзүнө чоң сокку урулду. Террордук уюмдун стратегиянын негизинде башкаруу кадрынын жана аянттагы командирлеринин жок кылынышы, уюмдун командалык-башкаруу түзүмүн кыйратып, анын кыймылдуулугун жана террордук мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө артка тартты.

Акырында Түркия катуу күч элементтерине салынган инвестиция менен аймагында тоскоолдук кылуучу күч катары жогорулап,  Улуттук Чалгындоо Уюму да анын эң чоң көрүнүштөрүнүн бири болду.

 

 



Тектеш кабарлар