Ден-соолуктун башаты-6

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар кардиологу, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ассистенти Данияр Аматов Апазович менен болгон маектешүү.

1606306
Ден-соолуктун башаты-6

Урматтуу окурмандар, “Ден-соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү уктуруусунда медицина жаатында Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы айырмачылыктар жана балдардын жүрөк ооруларынын түрдүү факторлору тууралуу маек болмокчу. Бул программабызда  “Эне жана баланы коргоо” борборунда балдар кардиологу Аматов Данияр Апазовичтин маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

Маектешкен Назгүл Кадырова.

Суроо: Саламатсызбы, Данияр мырза. Алгач убактыңызды бөлүп бизге маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Сиз Түркияда окуп, иштеп кеттиңиз. Ал эми азыр Кыргызстанда иштеп жүрөсүз. Айтсаңыз, бул эки мамлекетте медицина жаатындагы жана билим берүү системасындагы кандай өзгөчөлүктөр жана айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

Жооп: Саламатсыздарбы, урматтуу көрүүчүлөр. Менин атым Аматов Данияр Апазович. Мен “Эне жана баланы коргоо” борборунда балдар кардиологу болуп иштеймин. Мындан тышкары Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясында факультеттик педиатрия бөлүмүндө ассистент болуп иштейм. Билим берүү боюнча Түркия менен Кыргызстанды салыштырганда эң негизги айырмачылык, бул – дипломдон кийинки окуу бөлүмүндө негизинен саат айырмачылыктары бар. Эң чоң айырмачылык – бул, Кыргызстанда үч жыл ичинде ординатор-специалист болсо, Түркияда бул төрт-алты жыл арасында боло алат. Ошондо ортодо эки-төрт жыл айырмачылык бар. Бул аябай көп саат болот. Экинчиден, Түркияда ар бир университеттин өзүнүн бейтапканасы бар. Ушул себептен ошол жактагы кафедра башчылары (зав-кафедрадагылар) ошол эле жерде заведующий болуп иштешет. Ал эми Кыргызстанда андай нерсе жок. Бул жакта мамлекеттик бейтапканада өздөрүнүн заведущийлери бар. Ал эми зав-кафедрадагылар ал жерге эч кандай тиешеси жок болот көбүнчө. Анан дагы бир айырмачылык – бул, маяна тууралуу. Мисалы, Түркияда же башка өлкөлөрдө толугу менен врачка мамлекет тарабынан маяна төлөнүп турат. Ал эми Кыргызстанда мындай нерсе жок, ординаторлорго акча төлөнбөйт. Дагы бир айырмачылык – бул, билим берүү жагынан тилдик айырмачылык болуп саналат. Түркияда англис тилиндеги материалдар колдонулат. Ординатурада бардык материалдар англисче жана булар түздөн-түз Америкада, Европада болгон жаңы протоколдорду алар өзгөртпөй туруп ошолорго шилтеме жасап ошол протоколдордорду ишке ашырышат. Кыргызстанда негизинен же ВОЗдон (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) же болбосо бир канча котормолордон кийин Кыргызстанга ылайыкташтырылып киргизишет. Ушул себептен кичине убакыт боюнча айырмачылык жаралат. Билим берүү системасында алты жыл ичиндеги дипломдук бакалавр деп коёт. Ал жерде айырмачылык деле жок. Анткени Кыргызстанда швейцариялык программа менен алты жыл окушат. Ошондуктан көп деле айырма жок. Бир гана алтынчы жыл Түркияда интернатура болуп саналат, ал эми бизде болсо ошол алтынчы жыл жөнөкөй эле курс болуп саналат.

Суроо: Бир топ жылдан бери балдар ооруканасында иштеп келе жатасыз. Статистика боюнча мурункуга караганда оорулуулардын азайганын же көбөйгөнүн көзөмөлдөшүңүздөр керек. Бул тема боюнча айтып берсеңиз, сиздин тармагыңыздагы оорунун азайганы же көбөйгөнүнө эмне себептер түрткү болот?

Жооп: Ооба, мен “Эне жана баланы коргоо” борборунда иштейм. Балдардын майып оорулары тууралуу теле-берүүлөрдө көп-көптөн айтылып, талкууга алынып жатат. Ооба, чындыгында бардык балдарда 12ден 14 пайызга чейин бул тубаса оорулар болушу мүмкүн. Ошонун ичинен 13 пайызы жүрөк ооруларынан чыгышы мүмкүн. Эми менин оюм боюнча, толугу менен статистика менен Кыргызстан ар бир бала боюнча эмне себептен болгону тууралуу изилдөө жок азырынча. Бирок, эң негизгиси кайсы себептен ушул тубаса оорулар пайда болгону илгертен бери изилденип келе жатат. Эң негизгиси биринчиден, апасынын ден-соолугу, атасынын ден-соолугу маанилүү. Апасынын кош бойлуу учурунда ар кандай ооруга чалдыгуу, ар кандай дары ичүү, ар кандай химиялык-синтетикалык продуктыларды колдонуу, кандайдыр бир социалдык жактан факторлор бар ошого чалдыгуу, мисалы, үшүп калуу, иммунитети түшүп кеткенде же ар кандай бактериалык оорулар кошулуп калышы мүмкүн, ушул себептер менен ооругандар болушу мүмкүн. Дагы экологиянын бузулушу, радиация – ушундай себептер тубаса ооруларга жол ачышы мүмкүн. Бул тастыкталган.

Суроо: Дарыгерлик кесип өтө оор, машакаттуу кесиптердин бири эмеспи. Тез жардам керек болот, эс алуу күндөрү жумушка чыгуу зарылчылыгы пайда болот дегендей. Мындан сырткары изденүү, изилдөө, ар кандай семинар, жыйындарга катышыш керек болот. Мына ушундай кесип менен сиз үй бүлөңүзгө жетишээрлик даражада убакыт бөлө аласызбы?

Жооп: Менин оюм боюнча, биз – доктурлардын эң негизги кемчилигибиз үй бүлөгө жеткиликтүү даражада көңүл бура албоо, убакыт бөлүүгө аз убакыт калат негизинен. Ошол себептен ал нерсе чындыгында бар. Анткени, бейтаптар түнү да чалат, дем алыш күндөрү чалышат, майрамдарда чалышат. Эми ооруганда оору убакытты карабайт дегендей эле. Ошол себептен биз чындыгында үй бүлөбүзгө көп көңүл бура албай калабыз. Анан бир гана мен эле эмес деп ойлойм. Бул негизи эле доктурлардын кесиби ушундай деп ойлойм. Бирок болушунча көңүл бөлгөнгө аракет кылабыз.

Суроо: Данияр мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгилик жана ден соолук каалайбыз, саламатта калыңыз.

Жооп: Назгүл сиздин маектешкениңизге чоң рахмат. Аябай маанилүү маек деп ойлойм. Анткени, тубаса жүрөк ооруларынан балдар көп каза болуп жатышат. Менин оюмча Кыргызстанда көп көйгөйлөр бар. Тубаса оору ооруканаларын куруш керек. Жаңы технологияларды инвазив жолдор менен жана ангиографиялык жолдор менен ушул тубаса ооруларды дарылоо мамлекет тарабынан каржыланыш керек деген ойдомун. Сизге да чоң рахмат ушул маегиңизге. Ар дайым катышууга аракет кылып турам. Жакшы туруңуздар.

Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар