Арменияда кризис уланууда

СЕТАнын  коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор  Мурат Йешилташ бул тууралуу пикирин билдирди.

1596350
Арменияда кризис уланууда

 Өткөн жумада Армениянын  башкы штабынын төрагасы премьер  - министр Никол Пашинянды кызматынан кетүүгө чакырды. Пашинян бул абалды «козголоң кыймылы» катары мүнөздөп башкы штабдын төрагасын кызматтан алууга аракет кылып, элди көчөлөргө чыгууга чакыруу менен жооп кайтарды. Ереванда өкмөттүн тарапташтары менен оппозиция топтору бир убакта  чогула башташты. Армениянын президенти башкы штабдын төрагасынын кызматтан алынышын бекиткен жок жана Пашинян мындай абалда президенттин да «козголоң кыймылына» кошуларын айтты.

СЕТАнын  коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор  Мурат Йешилташ бул тууралуу пикирин билдирди.

Армениядагы абалдардын арткы планында бири бири менен байланышкан үч себеп бар. Булардын  биринчиси Арменияда болуп келе жаткан жакырдык менен коррупция. Начар башкаруудан келип чыккан абал. Негизинен Пашинян  себеп эмес бирок чечүүчү жол табуудан алыс экендиги бир маселе. Пашиняндын  2018 -  жылы бийликке келишинде батыш өлкөлөрдүн колдоосунчалык жакыр жана коррупцияга каршы чечүүчү жол табуу үмүтү да таасирдүү болду. Пашинянды колдогондор Россия менен жакын карым  - катнаш ичинде болгон мекеме маселелерди чече албагандыктан Пашинянды бир альтернатив катары көрүп аны колдогон болчу.

Экинич себеп, Экинчи Карабах согушунда Азербайжандын жеңиши менен Армениянын жеңилиши. Армения өкмөттөрү ондогон жылдардан бери жүргүзүлүп келе жаткан сүйлөшүүлөрдө макулдашууга жакындабастан оккупация саясатын улантып келди. Пашинян болсо маселелерди чечүү  үчүн сүйлөшүүлөрүндө «тынчтык үчүн жердин» ордуна оккупацияны күчтөндүрүүгө карата «жаңы согуш» моделин ишке ашырууга аракет кылды. Мунун  натыйжасында болгон Экинчи Карабах согушунда  Армения  жаңы жерлерди оккупациялоо индац турсун, оккупациялаган  жерлерден  чыгууга мажбур болду. Армения калкына согуштун  жүрүшү тууралуу  туура маалымат бербеген Пашинян 10 -  ноябрдагы үчтүк билдирүүсү жарыяланып  камера алдына чыккан эмес жана ок атышпоо шарттары Армения калкында чоң таасир жаратты. Ошондуктан Экинчи Карабах согушунун жыйынтыктары бир гана Пашинян башкаруусу үчүн эмес, Армения саясаты, армиясы жана калкы үчүн да сиңдирилиши абдан кыйын бир мезгилди баштатты.

Үчүнчү себеп Арменияда аягына чыкпаган бийлик талашуу. Арменияда  күчүн сактоо жана кеңейүүнү каалаган Карабах  кланы жана түрдүү өлкөлөрдөгү армян диаспорасы да кошулган топтор орун алууда. Бул топтордун бийлик талашуусунда күч жана мыйзамдуулукту колго алуу үчүн түрдүү өлкөлөр менен түзгөн кызматташуусу болсо макро бийлик  талашуунун башка бир ченемин түзүүдө. Макро бийлик күрөшүн Россия менен батыштын ортосундагы күрөшүүгө айкалыштырууга мүмкүн болсо да бул күрөш микро күрөш менен биригип өз ичинде татаалдашууда.

Меморандум мүнөзүндөгү билдирүүгө каршы туруу жолуна барган Пашинян азыркы учурда дагы бир канча убакыт  бийлигин сактап кала тургандай көрүнүүдө. Бирок бул абал Армения саясатында  туруктуулукка жетти  деген мааниге келбейт. Акыйкаттан да бир аз мурда белгилегендей үч себептен улам күчүн сактап жатат. Пашиняндын же армиянын да келечекте курула турган жарандык өкмөттүн да колунда бул себептер түзгөн туруксуздукту жок кыла турган сыйкырдуу бир таяк жок.

 

 



Тектеш кабарлар