Арменияда саясий кризис жаралды

Евразия күндеми-9

1595356
Арменияда саясий кризис жаралды
ermenistan darbe girisimi.jpg
1ermenistan darbe girisimi.jpg
4ermenistan darbe girisimi.jpg
ermenistan hukumet binasi muhalifler baskin.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Армениядагы саясий абал тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 24-февраль күнү Арменияда армия менен өкмөттүн ортосунда орустардын “Искандер” баллистикалык ракетасынан улам кризис жаралды. Армениянын мурдагы президенти Серж Саркисян өкмөт тарабынан армиянын бюджети кыскартылганын, соңку Карабах согушунда “Искандер” колдонулбаганын билдирген эле. Премьер-министр Никол Пашинян буга жооп катары согушта “Искандер” колдонулганын, бирок ал система ракетаны учура албаганын жарыялады. Бул талашка армиянын генералдары үн катты. Пашинян Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысынын орун басарын кызматтан алды.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы 25-февралда билдирүү жасап, Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды.  Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Оник Гаспарян кол койгон билдирүүдө, Армениянын өкмөт башчысы жана өкмөтүнүн мамлекет үчүн керектүү чечимдерди кабыл ала турган абалда эместиги жазылган. Билдирүү жарыяланган сааттарда Еревандын үстүнөн Су-30 аскер учактары жерге жакын учушту.

Премьер-министр Пашинян Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алды жана калкты митингге чакырды. Түштөн кийин Республика майданындагы митингде сөз сүйлөгөн Пашинян, армиянын билдирүүсүн төңкөрүш аракети катары баалады жана аскердик төңкөрүшкө уруксат бербей тургандыгын жарыялады.

Пашиняндын митингдеги сөзүнөн кийин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы экинчи билдирүүсүн таркатып, баштапкы позициясынан кайтпай тургандыгын, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Пашиняндын кызматтан кетиши керектигин кайталашты. Өлкөдөгү оппозиция армиянын билдирүүсүн кубаттап, митинг уюштурушту жана палаткалар тигип, өкмөт башчы кызматтан кеткенге чейин митингге чыгууну улантышаарын жарыялашты.

Армениянын  Президенти Армен Саркисян үч күн боюнча өлкөдөгү ар кыл күчтөрдүн өкүлдөрү менен жолукту жана Пашиняндын Гаспарянды кызматтан алуу буйругун өкмөткө кайтарды. Пашинян болсо аты аталган буйрукту кайрадан Президентке жибере тургандыгын, маселенин чечилбей жаткандыгын билдирди. Гаспарянды кызматтан алуу маселеси Конституциялык сот аркылуу чечилет окшойт.

Урматтуу окурмандар, 44 күнгө созулган Карабах согушунда жеңилүүгө учурагандан кийин оппозиция Премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Президент Саркисян да мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керектигин айтып келет.  Баарыбызга маалым болгондой, Пашиняндын партиясы ушул тапта парламентте көпчүлүк орунга ээ. Пашинян  шайлоонун өз убагында, башкача айтканда 2022-жылы өткөрүлүшү керектигин жактап жатат.

Пашинян тарапташтарын 1-март күнү ири митингге чакырды. 1-март - армян саясатында өзгөчө мааниге ээ. 2008-жылдын 1-март күнү болгон митингде коопсуздук күчтөрү митингчилер менен кагылышып, 8 жаран жана  коопсуздук күчүнүн 2 өкүлү каза болгон. Азыр армиядан айырмаланып полиция Пашинян тарабында турат. Ошондуктан өлкөдөгү күч балансы сакталууда.

Батыштын азырынча Армениядагы кризиске салкын мамиле кылганы байкалууда. Россиядан жасалган билдирүүлөрдө окуялардын Армениянын “ички иштери” экендиги айтылып жатат. Түркия болсо төңкөрүштөрдүн бардык түрүнө каршы экенин, армиянын саясатка кийлигишпөөсү керектигин жана Армениянын келечеги боюнча чечимди калк кабыл алышы керектигин билдирди.

Армениядагы саясий кризисти мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялоо аркылуу чечсе болот. Армения кошуналары менен жакшы мамиле түзүү аркылуу мындай саясий кризистерден коргоно алат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар