Сирияда террор мууну

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун пикирин угуңуздар.

1591828
Сирияда террор мууну

   Түркиянын күтүлбөгөн жерден Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында ПКК террордук уюмга карата жүргүзгөн операциясы менен көңүлдөр кайрадан террор менен күрөшүүгө бурулуп, 2021 -  жылы Түркиянын Ирак жана Сирияда кенен түрдөгү операцияларды жүргүзүп ПККны бутага алышы күтүлүүдө. Террордук уюм ПКК өзгөчө Түркия менен Иракта чоң кысым астында. Бирок уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ Түркия үчүн коркунуч болууну улантууда. Уюм АКШнын колдоосу менен террордук кичинекей мамлекет куруу аракетинде.

 Сириядагы жарандык согушта пайда болгон хаостон пайдаланып Сириянын түндүгүндөгү аянттарда санын көбөйтө баштаган ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ өзгөчө 2014 -  жылдан тарта ДЕАШ менен күрөшүү көрүнүшүнүн астында  Америка Кошмо Штаттарынын колдоосу менен, өлкөнүн түндүк-чыгышында административдик түзүмдөрдү түзүп, тиешелүү үстөмдүк аймактарын бекемдеди.

  Арап элементтерин да  кошуп Сирия демократиялык күчтөрү СДГнин чатыры астында өлкөнүн табигый булактарын көзөмөлгө алып өзүнүн экономикалык булактарын улантууга боло турган абалга алып келүү жана ушунун негизинде Асад режими, Россия, Түркия жана Иранга каршы стратегиялык бир үстөмдүктү түзүү аракетине кирди.  Асад режими болсо өз бийлигин улантууга боло турган абалга алып келүү үчүн Сириядагы табигый булактарга кайрадан жетишүүнүн аракети менен аскердик жана саясий кыймылдардын артынан түшсө да АКШ тоскоолдугу менен беттешти жана ийгиликсиз болду. Террордук уюм өлкөнүн табигый булактарын көзөмөлдөө менен булардан киреше алып жана түздөн түз АКШ тарабынан да каржыланды. АКШ өзү берген жардамдар менен бирге Сауд Арабия жана Бириккен Арап Эмираттары сыяктуу өлкөлөрдөн да өз байкоосу астында СДГ/ЙПГге финансылык жардам берди.

Учурдагы аскердик көзөмөлдөө аянттары боюнча СДГ/ЙПГ Сириянын 30 пайызын түзгөн 40 000 километр квадарттан дагы көп бир аянтты көзөмөлгө алууда. СДГ/ЙПГнин көзөмөлү астындагы аянттардын арасында түшүмдүү эгин аянттары менен абдан баалуу нефть, жаратылыш газ жана суу булактары да бар. Сириянын суугаруу аянттарынын 50 пайызы, энергетика булактарынын 70 пайызы менен суу потенциалынын 95 пайызы ЙПГ террордук уюмдун көзөмөлү астындагы аймактарда.

 АКШнын коргоосу астындагы аймактарда күчтөнө баштаган жана өлкөнүн маанилүү экономикалык булактарынын көзөмөлүн да колго алган ПЙД/ЙПГ оболу автономиялуу артынан толугу менен көз карандысыз бир террор мамлекетин куруу аракетинде. Түркиянын карамагындагы аймактарга системалуу түрдө бомбалуу унаалар менен кол салган, көзөмөлү астында жашаган элге зомбулук жана кысым жасаган саясаты менен баш ийдирүү аракетине кирген террордук уюм керек болгондо Россия менен Асал режими менен да байланышын улантып жашап калуу аракетинде.

   Өзгөчө Түркия ишке ашырган «Тынчтык булагы» операциясынан кийин мындай кыймыл стили дагы өзүн көрсөтүүдө. Бирок Сириянын чындыктары менен Түркиянын террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысынын террордук мамлекет куруп жашатуусуна уруксат бербейт. Түркия «Тынчтык булагы» операциясынан кийин 2021 -  жылы Ирак менен бирге Сирияда уюмга карата маанилүү аскердик операцияларды жүргүзүп уюмдун күчүн жана кыймылын минималдаштырууга карата кадам таштоону улантат. Ушунун негизинде өзгөчө Тель Рыфат, Манбиж, Айн Иса жана Тель Темир сыяктуу уюмдун колундагы аймактар бутага алынышы мүмкүн. Уюмдун кысымы астындагы арап уруулар менен күрт калкы колдоого алынып уюмдун күчүн жоготуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн. Жыйынтык катары Түркия  үчүн террордук уюм ПКК жана анын астындагы уюмдардын бир гана Түркияда эмес, чек ара коңшулары болгон Сирия менен Иракта да жашап калуу үчүн аракет кылышы кабыл алынбайт.



Тектеш кабарлар