Өзбекстандын түрк тектүү республикалар менен байланышы

Евразия күндеми-8-2021

1590915
Өзбекстандын түрк тектүү республикалар менен байланышы
Özbekistan-Kazakistan.jpg
özbek-Kamilov-Tokayev.jpg
özbek-macar bayrak.jpg
Özbekistan-Türkiye basın.jpg
özbekistan-türk keneş.jpg
türk keneş-özbekistan.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Өзбекстандын башка түрк тектүү республикалар менен болгон мамилеси тууралуу кеп салабыз.

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев үстүбүздөгү жылдын 8-11-февраль күндөрү Өзбекстанда иш сапары менен болду. Амреев Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен Өзбекстан Парламентинин ТүркПАга кошулуу процессин талкуулады. Түрк Кеңешинин башкы катчысы Өзбекстандын Тышкы иштер, маданият, айыл чарба, инновация жана өнүгүү, маалымат технологиялары жана коммуникация, инвестиция жана тышкы соода министрлери менен, ошондой эле жаштар боюнча агенттигинин жана футбол федерациясынын төрагалары менен кызматташтык маселелерин талкуулады.

Өзбекстандын өкмөтү түрк республикалары менен интеграцияны арттыруу үчүн үстүбүздөгү жылдын 10-февралында латын арибине толугу менен өтүү боюнча токтом (жол картасын) кабыл алды. Буга ылайык, Өзбекстан 2023-жылдын 1-январына чейин толугу менен латын арибине өтөт.

Өзбекстан менен Казахстандын ортосунда Түркстан-Шымкент-Ташкент ылдам жүрүүчү поезд долбоорун ишке ашыруу үчүн жолугушуулар байма-бай өткөрүлө баштады. Мындан сырткары эки мамлекеттин ортосунда Мактаарал-Дарбаза темир жолунун курулушу күн тартибине алынды. Үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү Өзбекстан менен Казахстандын соода министрлери чек арада жолугушуп, биргелешип курууну пландаган “Орто Азия” эл аралык соода жана экономикалык кызматташуу борборунун абалын талкуулашты.

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов үстүбүздөгү жылдын 16-18-февраль күндөрү Түркмөнстан, Казахстан жана Тажикстанда иш сапары менен болду. Абдулазиз Камилов аты аталган мамлекеттердин президенттери тарабынан кабыл алынды. Өзбекстандын Тышкы иштер министри Түркмөнстан, Казахстан жана Тажикстандын президенттеринен Ташкентте уюштурулушу пландалган “Борбордук Азия жана Түштүк Азия: Регионалдык байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык конференцияга колдоо көрсөтүүнү суранды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Будапештте Алтынчы өзбек-венгр өкмөттөр аралык экономикалык кызматташуу комиссиясынын жыйыны болду. Жыйынга Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков баштаган өзбек делегациясы катышышты. Жыйында 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүнүн 2019-жылга салыштырмалуу 50 пайызга көбөйгөндүгү баса белгиленди. Жыйын соңунда өзбек жана венгр тараптарынын ортосунда бир катар кызматташтык келишимдерине кол коюлду. Ошол эле күнү Будапештте Венгр-Өзбек иш форуму болуп өттү. Иш сапарынын алкагында Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшит Хожаев 16-февраль күнү Түрк Кеңешинин Будапешт өкүлчүлүгүнүн кеңсесине барды.

Урматтуу окурмандар, Өзбекстан түрк республикаларынын Түштүк Азияга ачылган эшиги болуу үчүн аракет кылып жатат. Өзбекстан Ооганстандагы инвестицияларын көбөйттү. Ошондой эле Өзбек өкмөтү  Индия, Пакистан сыяктуу мамлекеттердин делегациялары менен байма-бай жолугушууларды уюштурууда. Өзбекстандын бул багытта эл аралык конференция уюштуруу үчүн аракет кылып жаткандыгын белгилеп өттүк.

Өзбекстан тарабынан жарыяланган Алишер Навоинин 850 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар түрк республикаларынын баарында жылдын аягына чейин улантылат. Түрксой жана Түрк Академиясы бул боюнча иш-чара өткөрүштү. Эл аралык Түрк Академиясы 2021-жылды “Алишер Навои жылы” деп жарыялады. Кыскасы, Өзбекстандын түрк республикалары менен мамилеси өнүгүүдө. Өзбекстандын түрк республикаларынын эл аралык уюмдарына кошулушу, бул уюмдарды дагы да күчтөнүшүнө салым кошууда.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар