Суу менен башталган маданият - 25. 2021

Евфрат менен Тигр.

1587850
Суу менен башталган маданият  - 25. 2021

    Миңдеген жылдан бери аккан эки дарыя... Аймактын тарыхын жараткан, берекенин символу болгон эки дарыя! Бул эки дарыянын айланасында тарых боюнча мамлекеттер курулуп, мамлекеттер кулаган анткени адамдар тарыхтын ар бир мезгилинде бул берекелүү жерлерге жайгашууну каалашкан.  Бул эки дарыя тарыхка багыт берип цивилизациялардын курулушуна да кулашына да күбө болот. Эки дарыянын жээгинде эламдар, ассириялыктар, вавилиондуктар, сумерлер, акаддыктар жана көптөгөн цивилизация өнүгөт. Египеттин  кан тамыры болгон Нил дарыясына караганда көп цивилизацияларды бириктирип, бул байыркы жерлерде маданий мозаиканы жараткан ... Бул эки дарыя Тигр жана Евфрат ...

  Тигр менен Евфрат көкө диндердин баарына үй ээлик кылган географиянын суулары. Алар диний, саясий, соода жана стратегиялык мааниге ээ бир аймактын кан тамыры. Бүгүн сиздерге  азыктандырган жерлер менен эмес, жараткан тарыхы менен бир эле Анадолунун  эмес, бүткүл дүйнөнүн тарыхына таасир жана багыт берген, тарых менен бирге аккан бул эки дарыя тууралуу сөз кылабыз.

   Суу жээги ар дайым адамдар үчүн маанилүү болгон. Суу чыныгы жашоонун гана эмес, мифологиянын жана уламыштардын башкы актеру. Суу бардык цивилизациялардын уламыштарына киргизилген. Шумерлердин "жаратуу мифинде" суу кудайы Энки Евфрат менен Тигрди жаратат жана дарыяларга суу толуп, молчулук жана береке алып келиши үчүн жамгыр жаадырат. Бул маалыматтарды чопо табличкалардан көрүүгө болот. Цивилизациянын башталышы катары кабыл алынган бул жазуулар биринчи жолу ушул чопо табличкаларга жазылган. Табличкалардын чопосу да Тигр жана Евфрат дарыяларынын түбүнөн алынган... Адамзат тарыхына көптөгөн ачылыштары жана ойлоп табуулары менен таасир калтырган шумерлер ушул эки дарыянын жээгинде негизделген. Тигр өрөөнүндө курулган ассириялыктардын борбор шаарлары дыйканчылыкка ылайыкташтырган биринчи дыйкан айылдары. Адамзат тарыхы  бул  дарыялар боюнча алып караганда андан да эскилерге барат.

Өткөн күн менен келечек журулушкан бул жерлерде тарыхы адамзат тарыхынан да эски болгон Тирг жана Евфрат кылымдар мурун адамдар аскаларды оюп үңкүрлөрдү пайда кылышына, ал үңкүрлөрдүн дубалдарына  сүрөттөрдү тартуусуна, алгачкы отурукташуу жерлеринин курулушуна жана дагы көптөгөн окуяларга күбө болгон  аймактын тагдырында маанилүү роль ойнойт. Анадолуда  эски таш доорунан ушул күнгө чейин адамзаттын маданий өнүгүшүн  көрүүгө боло турган бир гана жер Евфрат менен Тигр аймагы. Адыямандагы «Шехремуз казуулары», таш дооруна таандык табылгалар менен көңүлдөрдү бурат. Шанлыурфадагы таш дооруна таандык «Невали Чори» адамдардын жаныбарларды колго үйрөтүүгө жана отурукташкан турмушка өтө баштаган жер. Шанлыурфадагы билим дүйнөсүн толкунданткан   Гөбекли Тепе, бул аймакта алдыга чыккан жерлердин арасында. Бул маалыматтар аймактын Месопотамиянын кичинекей бир бөлүгү эмес экендигин, тескерисинче ал жердеги маданияттар менен байланыш ичинде жана кеминде ошолорчолук маанилүү экендигин көрсөтүүдө.  Аймакта бул күнгө чейин табылгандар бизди  таң калтырууда. 

   Месопотамия жана Кичи Азиянын эң узун дарыясы Евфрат 1000 километрден ашкан узундугу менен Түркиянын эң кенен аймагына ээ. Ассириялыктар ага «Пуратту» дешсе,  араптар «Фурат», батыш тилдеринде «Юфрейт»  деп аталган. Миңдеген жыл кызыгууларды тартты, айыл  - чарбанын да  сооданын да борбору болду. 19 -  кылымга келгенге чейин эч бир көпүрө курулбагандыктан транспорт  катары кайыктар колдонулган. Анадолунун продукциялары Евфрат менен Перс булуңуна жетти, ал жерден Азияга тарады.

Евфрат дарыясынын суулары менен аймакты суугаруу пикиринин 3000 жыл мурда ортого чыккандыгы болжолдолууда. Пикирдин кимге таандык экендиги белгисиз бирок түрдүү булактардан Ассиря королу  Немруттун бул пикирди турмушка ашыруу үчүн 10 000 кулду көптөгөн жыл иштеткендиги тууралуу маалыматка жеттик.

Тигр... Наздуу дарыя. Бирок ошентсе да абдан ылдам аккан дарыя. Анадолуда Евфраттан кийинки экинчи узун дарыя. Фарсчасы «Тилгат», грекчеси «Тигрис». Ыйык китептерде Дижле, Данял пайгамбардын өзүнө келген вахий менен анын нугун сызгандыгына ишенилет. Бир керемет Тигр. Дүйнөдө ыйык деп эсептелген үч дарыянын бирөөсү...

7 000 жылдык тарыхы менен отуздан ашуун цивилизациянын издерин ташыйт Тигр өткөн жерлер. Тигр өрөөнү азыр да жашап жаткан оригиналдуу маданий байлыктарынан болгон Диярбакыр чеби, дубалдары жана Хевсел бакчаларынын ЮНЕСКОнун маданий пейзаж аянты тизмесине киришине мүмкүнчүлүк түздү.

   Тигр менен Евфрат кылымдар боюу бөлүшүлө албаган суулар болду. Анткени алар суугарган аймак, геополитикалык абалынан улам ар дайым согуштарга, чыр  - чатактарга күбө болду.  Тигр менен Евфрат бүгүн Түркия, Сирия жана Ирактагы шаарларга суу берип, Түркиянын чек арасын ашкан дарыялар. Бул эки негизги дарыяда  абдан маанилүү суу сактагычтар бар. Суу сактагычтардын көпчүлүгү дүйнөнүн эң негизги өнүгүү инвестицияларынан болгон Түштүк Чыгыш Анадолу Долбоорунун (GAP) негизинде курулган. Евфрат дарыясында 7, Тигрда 6 суу сактагыч курулду. «Ататүрк» суу сактагычы  Европа менен Түркиянын эң чоң суу сактагычы. Чоң суу сактагычтар курулган Тигр менен Евфрат бүгүн да Жакынкы Чыгыш саясатынын жана эл аралык карым  - катнаштардын чордонунда.

Цивилизациялар курулуп, кулаган, согуштар болуп, тынчтык түзүлгөн, ашыктар өткөн, кошоктор айтылып, элдик ырлар ырдалган, уламыштарга тема болгон, дүйнөнүн ыйык деп кабыл алынган үч дарыясынын экөөсү Тигр менен Евфрат. Бул аймакта жүргүзүлгөн казуулар, бир гана Анадолунун эле эмес, адамзат тарыхынын өнүгүшүнө да жарык чачты.

Евфрат дарыясы албууттана агып келип, жер бетинин кыйын жерин жара тээп өзүнө жол ачты. Тигр болсо толкуп акты. Бул дарыялардын агуу өзгөчөлүктөрүнөн улам эркек балдар үчүн Фырат, кыз балдар үчүн Дижле деген ат коюлду бул жерлерде. Кээде саякатчыларга түнү ай жарыгында жол көрсөттү, кээде да үнсүз туруп согуштун жүрүшүнө көз салды. Жерге, адамга жан берди бирок жан да алды. Тигр менен Евфрат түбөлүккө тынчтык ичинде агымын улантат. Анадолу дагы көптөгөн кыз балдарга Дижле, эркек балдарына Фырат атын койот.

   Тигр менен Евфрат неолиттик доордон бери адамдар отурукташкан көп түстүү жана көп маданиятту бир аймактын дарыялары. Өткөн күндөрдө Жибек Жолу бүгүн болсо нефть жана жаратылыш газ жолдорунун кесилишкен жериндеги бир аймактын баш тартылгыс дарыялады.

Урматтуу окурмандар, бул жумада Түркиянын чегин ашкан эки негизги дарыясы, тарых жана эл аралык саясаттын чордонундагы, дүйнөнүн үч ыйык дарыясынын экөөсү – Тирг менен Евфраттан сөз кылдык. Түркия үнү радиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар