Фирик палоосу (Газиантеп)

Сарай даамдары-27

1587156
Фирик палоосу (Газиантеп)

ГАЗИАНТЕП

ФИРИК ПАЛООСУ

Осмон сарайынын ашканасынан чыккан укмуштуудай рецепттерди бөлүшкөн программабыздын ушул жумадагы бөлүмүндө биз сизди гастрономиянын борбору Газиантепке алып барабыз жана Газиантеп дегенде сөзсүз эске түшкөн Фирик палоосунун рецебин беребиз.

Бул тамакка керектүү азыктар:

1 чоң баш пияз

2 жашыл калемпир

2 кызыл калемпир

1 стакан булгур

1 стакан кайнатылган нохут

1 стакан фирик

1 аш кашык калемпир пастасы

3 аш кашык сары май

1 чай стакан зайтун майы

Туз

Кара мурч

Бардык азыктарды жапкыдай суу жетиштүү

Бул рецепт кандайча жасаларын башкы ашпозчу, маданият изилдөөчүсү Юнус Эмре Аккор мырзанын түшүндүрүүсү менен көрө баштаардан мурун, сизге Газиантепти кыскача кыдыртып чыгууну каалайбыз.

 


Этикеткалар: #Фирик палоосунун

Тектеш кабарлар