Түркия  - Америка карым  - катнаштарындагы туңгуюк

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору , жазуучу профессор Мурат Йешилташтын  Түркия  -  Америка карым  - катнаштары тууралуу баа берүүсү.

1587101
Түркия  - Америка карым  - катнаштарындагы туңгуюк

   Түркия  -  Америка карым  - катнаштарынын алдыбыздагы мезгилде  төрт маанилүү туңгуюгу бар. Бул маселелер чечилбестен Түркия менен АКШнын ортосундагы кризистин жоюлушу мүмкүн эместей. Бул маселелердин башында С  - 400 маселеси турат. С  - 400 маселеси Түркия  -  Америка карым  - катнаштарын сүрөттөгөн мыкты мисалдардын бири. Стратегиялык  карым  - катнаш катары аныкталган А жана Б мамлекетинин ортосундагы карым  - катнаш формасында мындай маселе ортого чыкпашы керек эле.  Ушул мааниде АКШ  Түркиянын Патриот системаларына карата талабын жоопсуз калтырбаганда Түркияда да НАТО союздашы катары чоң коопсуздук жана коргонуу атаандашынан сатып албас эле. Анда эмесе алгачкы божомолубуз Түркия  -  Америка карым  - катнаштары «стратегиялык өнөктөштүк» түрүндө болбошу керек. Бул туңгуюктан чыгуу үчүн эки тараптын бирөөсү позициясын өзгөртүшү керек же бири бирине карата позицияларына зыян тийгизбей тургандай бир формула табылышы керек.

  Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Крит модели так эле ушул жерде чечүүчү жол катары эске келүүдө. Бирок бул моделдин толугу менен кандай иштей тургандыгы белгисиз. Түркиянын С  - 400дөрдүн экинчи пакетин алуу тууралуу «сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын» билдирген бир процессте Крит моделин иштетүү абдан кыйындай көрүнөт. Андай болсо АКШнын С  - 400дөргө карата чечүүчү жолду бир гана жолго түшүрүп сүйлөшүүгө аракет кылышы бул маселенин чечилишине мүмкүнчүлүк түзөбү? Бул суроого ооба деп айтууга да болбойт. Себеби  С  - 400дөрдү Түркия тышына чыгаруу формуласынын Анкара тарабынан соодалашуу маселеси катары көрүнбөгөндүгү ачык. C  - 400дөрдүн эки тарап үчүн туңгуюк экендиги муну чечпестен карым  - катнаштарды оңдоонун да мүмкүн эмес экендиги белгилүү.

ЙПГ террордук уюму маселеси болсо Түркия  - Америка карым  - катнаштарындагы белгисиздикти дагы да арттырган чыкпас жол катары ортого чыгып жатат. ЙПГнин акыркы мезгилде Сириянын түндүгүнө карата арткан террордук кол салуулары, Байден башкаруусунун жана Америка мекемелеринин ЙПГге карата мамилесине көңүл бурулганда Түркия  - Америка карым  - катнаштарында С  - 400дөр себеп болгон келишимди дагы да тереңдете тургандай эле  Түркияны жаңы бир аскердик кадам таштоого да мажбурлашы мүмкүн. Ушул мааниде ЙПГ маселеси бир гана тактикалык бир кадам катары АКШнын Сирияда Түркия менен бөлүнүшүнүн  себеби болуудан чыгып эки тараптуу карым  - катнаштардын бардык багыттарын белгилеген бир туңгуюкка кептелди.  С  - 400дөр маселесинде болгондой тараптардан бирөөсү өз позициясынан баш тартышы керек же  Вашингтон ЙПГни күчтөндүрүп Сириянын жеринин бүтүндүгүн буза тургандай автономиялуу бир башкаруу куруудан баш  тартып Анкаранын позициясына жакындай турган же Түркия ЙПГге карата позициясына өзгөртүү киргизип АКШнын ЙПГни «конверсия» саясатын жактырышы керек. Азыркы шарттар астында эки борбор шаардын да позицияларын коргоону тандагандыгы белгилүү болгондуктан жакынкы убакта ЙПГ маселеси чечилип бул туңгуюктун чечилиши да мүмкүн эместей.

  С  - 400 жана террордук уюм ЙПГ маселесине кошумча катары абдан тереңдебесе да Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселеси да Түркия – Америка карым  - катнаштарын башка жерлерге алып келе турган деңгээлге жетип турат.

Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесинин Түркия үчүн мүнөзүн белгилеген «Көгүлтүр Мекен» көз карашы Түркиянын аскердик, саясий жана экономикалык позициясын калыптандыруу менен АКШ үчүн бул позиция «чечилиши керек» болгон аймактык  бир геополитикалык маселе катары каралууда. Бул жерде АКШнын Чыгыш Жер Ортолук деңизде Грециянын аскердик күчүнүн консолидацияланышына карата кыймылы жана Түркиянын кыймыл аянтын чектөөчү каршы саясаттары, эки тараптуу карым  - катнаштарда башка туңгуюктун пайда болушуна себеп болууда. Туңгуюкту ашып өтүү үчүн  Түркиянын аймактагы геосаясий иш чаралар мейкиндигин тарайтып жана аскердик активдүүлүгүн азайтышы күтүлүп жатканда, Анкаранын «Көгүлтүр Мекен» огунда кызыкчылыктары боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо менен мунаса кылышы да мүмкүн эместей. Ошондуктан Чыгыш Жер Ортолук деңизи огунда болгон жана боло турган ыктымалдуу абалдар эки тараптуу карым  - катнаштарда жаңы бир араздашуунун пайда болушуна жол ачышы мүмкүн.

  Мындан мурдараак айтылган көйгөйлүү тармактарда ФЕТӨ террордук уюму маселесин, ишке ашырылып жаткан эмбаргону жана жакындап келе жаткан сот процесстерин кошумчаласак, мамилелердин алдында бирдиктүү көйгөй турат. Бул бирдиктүүлүктүн мотору милдетин аткарган Конгресс туңгуюгу болсо кыска убакытта чечиле турган маселе болуудан алыс. Акыркы  жолу 54 сенатордун жазган каты Түркия  - Америка карым  - катнаштарын оңдоону каалабайт, Президент Эрдоганды бутага алгандын ордуна  карым  - катнаштарга көлөкөсүн түшүргөн  бир Конгресс туңгуюгунун да  бар экенинен сөз кылууга болот. Байден башкаруусунун «Мекемелер менен бирге тышкы саясатты жүргүзөбүз деген кыймылы» да буга кошулганда Конгресстин тышкы саясат боюнча  дагы таасирдүү болушу же мамлекеттик катчы Блинкендин Конгрессти жанында кармап туруу үчүн Түркия сыяктуу досьелерде күтүлгөндөн дагы башка бир позиция иштеп чыгуу ыктымалы да бар.

  Түркия досьесинде Конгресстин тышкы саясатынын рационалдуулугуна карагандын ордуна Америка тышкы саясий түзүлүшүндөгү эко  - системасы жактан карашы да бул тармакта Түркиянын ишин дагы да татаалдаштырып, Түркия  -  Америка карым  - катнаштарынын аспектисин дээрлик Конгресстин көлөкөсүндө калтырууда.

 



Тектеш кабарлар