Буларды билесиздерби?

Түркияда 900 жылдык бир китепкана салтынын бар экенин билесиздерби?

1561535
Буларды билесиздерби?

      Түркиядагы китепкана салтынын 900 жылдык тарыхы бар. Алгачкы китепкана Анадолу жана Селжуктуктар мезгилинде түптөлүп, Осмон доорунда өнүккөн. Осмон империясынын алгачкы мезгилдериндеги китепканалар; Мечиттер, күмбөздөр, медреселер жана зекет үйү сыяктуу мекемелердин ичинде орун алган. Кийинчерээк китепканалар өзүнчө мекеме катары ортого чыга баштайт.

   1884 - жылы ишке кирген Беязыт мамлекеттик китепканасы  Түркиянын биринчи мекемелик китепканасы. Китепкана алгач түзүлгөндө, текчелерде Осмон империясынын белгилүү тарыхчысы Мустафа Наиманын "Наима тарыхы" аттуу эмгеги гана орун алган.

   Убакыттын өтүшү менен дервиштердин ложаларынан чогултулган чыгармалар, сатып алынган китептер жана китепканага берилген документтер менен бай маалымат банкына айланды. 1934-жылы Ататүрктүн өтүнүчү менен чыгарылган "Басма кол жазмаларды чогултуу жана топтоо" мыйзамы менен китепкананын булактарында олуттуу өсүү болгон. Андан кийин Түркияда басылып чыккан ар кандай  басылмалардын бир нускасы китепканага алып келинүүгө мажбур болгон.

  Азыркы күндө бир миллиондон ашуун документ менен тарыхчылардын баш тартылгыс аялдамасы болгон Беязыт мамлекеттик китепканасы чоңоюну жана кызмат кылууну улантууда.



Тектеш кабарлар