Дүйнөгө белгилүү музыканттар Украина үчүн концерт коюшат
Белгилүү музыкалык топ Pink Floyd жана Crash Test Dummies украиналык ырчылар Руслана менен Жамала жана башка көптөгөн атактуу ысымдар 17-июндагы онлайн концертте жолугушат.
Дүйнөгө таанымал музыканттар Украинадагы согушка көңүл буруу жана жабыркагандарга жардам берүү үчүн концерт беришет.
Белгилүү музыкалык топ Pink Floyd жана Crash Test Dummies украиналык ырчылар Руслана менен Жамала жана башка көптөгөн атактуу ысымдар 17-июндагы онлайн концертте жолугушат.
Россиянын 24 - февралда Украинада баштаган согуштан жабыркагандар үчүн билет жана кайрымдуулук менен 10 миллион доллар чогултууну максат кылган иш - чара түнкү саат 03:00дө (Түркия убактысы боюнча) түз эфирде көрсөтүлөт.
Билеттер www.worlduniteforukraine.com сайтында сатылып, иш-чарадан түшкөн киреше согуштан жабыркагандардын тамак - ашына жана баш калкалоочу жайына, медициналык буюмдарына жана кийим-кечелерине болгон муктаждыктарын канааттандырууга, адам сатууга каршы күрөшүүгө жумшоо максатк ылынууда.
Концертти 24 саат бою көрүүгө болот.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.