Руслана Антальяда Украина үчүн концерт койду

Руслана "Согушсуз балалык" долбоорунун алкагында Украинанын Анталья консулдугу жана Анталья украиндер коомчулугу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук жарманкесине катышты.

1827477
Руслана Антальяда Украина үчүн концерт койду

24-февралдан бери Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан жабыркаган украин элине колдоо көрсөтүү максатында ырчы Руслана Антальяда концерт берди.

2004-жылы Стамбулда өткөн "Евровидение" сынагында жеңүүчү болгон украиналык ырчы Руслана "Согушсуз балалык" долбоорунун алкагында Украинанын Анталья консулдугу жана Анталья украиндер коомчулугу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук жарманкесине катышты.

Руслана бул жерде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украина оор согуш мезгилин башынан өткөрүп жатканын жана анын эли бүткүл дүйнөдөн колдоо күтөрүн айтты.

Согуш учурунда өлкөсүнүн куралсыз жана күчсүз калганын белгилеген украиналык искусство чебери:"Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга көрсөткөн колдоосу, адамгерчилиги жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Учурда Украинада балдар, карапайым калк, эркектер жана аскерлер өлүп жатат. Биз азыр абдан көп жаштарды жоготуп жатабыз. Бир нече ай мурун алар музыка жана искусство жаратып жатышкан. Бирок азыр алар колуна курал алууга туура келди. Украинанын абалы азыр абдан оор.Өтө көп карапайым калк жоголду. Өтө көп адамдар кыйноого алынды. Камерага да айта албайм, азыр кыйноодо канча аялдар жана балдар бар. Орус армиясы биздин үйлөрүбүздү талкалады.Орус армиясы Украинаны Марска айлантты. Эч кандай имарат,жашоо аянты калган жок.Бирок украиндер аман калышты жана бул өзүн актайт. Жада калса чоң энелер да танкка каршы чуркап, аны токтотууга аракет кылышат. Эгерде сиз Украинадагы балдардан деле сурасаңыз, алар: "Биз өз өлкөбүз үчүн күрөшөбүз",-деп айтышат. Украиндар абдан чынчыл жана боорукер элдер. Ошондуктан бизди колдоп, ишене аласыздар",-деп айтты.

Ачык аянтта өткөн концертте Руслана жактырылган ырларын ырдады.

Иш-чарага Украинанын Анкарадагы элчиси Васил Боднар жана Украинанын жарандары да катышты.



Тектеш кабарлар