Одунпазары музейи акыркы өткөн кылымдын мыкты 25 музейинин арасында

OMM Байланыш директору Бенгу Кыркыз Эргүвен 1902 - жылдан бери Америка Кошмо Штаттарында жарык көргөн престиждүү журналга чыгуудан кубанычтуу экендигин айтты.

1769353
Одунпазары музейи акыркы өткөн кылымдын мыкты 25 музейинин арасында

Эскишехирдин Одунпазары районундагы тарыхый үйлөрдүн арасына курулган Одунпазары заманбап музейи (OMM) престиждүү искусство басылмасы ARTnews тарабынан өткөн кылымдын эң мыкты 25 музей имаратынын бири катары тандалды.

OMM Байланыш директору Бенгу Кыркыз Эргүвен 1902 - жылдан бери Америка Кошмо Штаттарында жарык көргөн престиждүү журналга чыгуудан кубанычтуу экендигин айтты. 

Эргүвен : "OMM үчүн дагы, өлкөбүздүн өлкө тышында дагы көп таанылышы үчүн да кубантуучу кабар",- деди. 

Осмон империясынын купол архитектурасы, салтуу япон архитекрутасы менен Одунпазары жарандык архитектурасынан таасирленген япон архитектуралык кеңсеси "Kengo Kuma and Associates" тарабынан долбоорлонгон ОММ 4 миң 500 метр чарчы аянтка ээ. 

OMM буга чейин Маданият жана туризм министрлиги тарабынан берилген Атайын сыйлыкка жана 2021 - жылы Англияда Европа музей форуму (EMF) тарабынан уюштурулган "Европа жылдын музейи сыйлыктары" алкагында атайын сыйлыкка ээ болгон.

 



Тектеш кабарлар