АКШда кара терилүү мыкты актер Оскар сыйлыгынын ээси Сидни Пуатье каза болду

Багам аралдарында жашап жаткан актёрдун каза болгондугу тууралуу кабар Багам жетекчилери тарабынан  тастыктады.

1759335
АКШда кара терилүү мыкты актер Оскар сыйлыгынын ээси Сидни Пуатье каза болду

Америка Кошмо Штаттарында  эң мыкты актер Оскар сыйлыгын алган биринчи кара терилүү киноактер Сидни Пуатье 94 жашында каза болду.

АКШ киносунун кара түстөгү актерлорунун бири болгон Пуатье Голливуддагы "түс" тоскоолдугун жеңүүдө маанилүү орунда урат.

1927 - жылы АКШнын Майами шаарында төрөлгөн жана  Багам аралдарында жашап жаткан актёрдун каза болгондугу тууралуу кабар Багам жетекчилери тарабынан  тастыктады.

"Талаа лилиялары" тасмасында аткарган ролу үчүн биринчи жолу кара терилүү адам катары 1964 - жылы мыкты эркек актер Оскар сыйлыгын алган Пуатье 1967 - жылы Катарин Хепберн жана Спенсер Трейси менен бирдикте ойногон  "Ким кечки тамакка келе жатат" тасмасында атактуу болду.

1997 -  жылы кинодон кеткен актер, 2007 – жылга чейин  Японияда  Багам аралынын элчиси катары кызмат кылды.

Кара терилүү актер «мыкты актер жана адам» сыпаты менен 2002 -  жылы Ардактуу академия сыйлыгына ылайык көрүлүрп, 2009 -  жылы АКШнын президенти Обама тарабынан АКШнын АКШдагы эң жогорку жарандык сыйлык болгон Президенттик Эркиндик медалы менен сыйланган.



Тектеш кабарлар