Анкарадагы кыргыз жарандары жаңы жылдык кече өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жаңы жылга карата өзүнүн каалоо тилектерин айтты.

1753325
Анкарадагы кыргыз жарандары жаңы жылдык кече өткөрүштү
KIRGIZİSTANLILAR YILBASI 2.jpg
KIRGIZİSTANLILAR YILBASI 3.jpg
KIRGIZİSTANLILAR YILBASI 4.jpg

Анкарадагы кыргыз жарандары жаңы жылдык кече өткөрүштү.

Кечеге Кыргызстандан атайын чакыруу менен келген эстрада ырчысы Толгонай Арзыкеева өзүнүн жагымдуу ырларын аткарып, а капелла менен мекендештерди кошо ырдатып алардын жарпын жазды.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жаңы жылга карата өзүнүн каалоо тилектерин айтып, иш-чарага катышкан Толгонай Арзыкеевага диаспоранын атынан даярдалган белекти тапшырды.

Ошондой эле Анталиядагы Кыргыз эли коомунун айымдардан турган фольклордук тобу өздөрүнүн чыгармаларын аткарып мекендештерди кубантышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү белектерден турган лотереялар ойнотулуп, оюн-зооктор, жарыштар өткөрүлүп «Датка» фирмасынын төрагасы Жылдызбек Жолдошбаев Кыргызстанга барып келүү билетин эки кишиге тартуулады.

Албетте салтка ылайык жаңы жылда кичинекейлер унутулбайт. Аларга ар түрдүү белектер берилип, жүздөрүндөгү жымаюу менен ошол күндүн унутулгус сезимдери жашатылды.

Дасторкондорго Анкарадагы «Ала-Тоо» ашканасынан кыргыздын тамак-аштары коюлуп, мекендин тамагына болгон сагыныч аз да болсо жазылды.

Иш-чаранын катышуучулары уюштуруучулар «Аманат» фирмасынын башчысы Нурбек Табышевге, Кыргыз студенттер кеңешинин башчысы Өмүрбек Орункуловго жана алып баруучу Мира Абдылдаевага ыраазычылык билдиришти.

 



Тектеш кабарлар