Эрдоган «Балдар жана жаштар үчүн глобалдык форумга» видео кайрылуу жолдоду

Президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) менен Ботсвана жана Швеция тарабынан уюштурулган «Балдар жана жаштар үчүн биринчи жогорку деңгээлдеги глобалдык форумга» видео кайрылуу жолдоду.

1744326
Эрдоган «Балдар жана жаштар үчүн глобалдык форумга» видео кайрылуу жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаштарга жана балдарга дагы бакубат жана жашыл дүйнө калтыруу максатын көздөп жаткандарын айтты.

Президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) менен Ботсвана жана Швеция тарабынан уюштурулган «Балдар жана жаштар үчүн биринчи жогорку деңгээлдеги глобалдык форумга» видео кайрылуу жолдоду.

Сөзүн ЮНИСЕФ, Ботсвана жана Швецияга демилгелери үчүн ыраазычылык билдирүү менен баштаган президент Эрдоган, ЮНИСЕФтин балдарга дагы адилет, ден-соолукта жана коопсуз жашоо шарттарын камсыз кылуу аракетин баалап, салым кошкондорун айтты.

Президент Эрдоган:«Мен биздин балдар жана жаштар үчүн адилеттүү дүйнө мүмкүн деп ишенем. Биз алардын сапаттуу билимге, тамактанууга жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүсүн камсыз кылуу, социалдык коргоо системаларын бекемдөө жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрөбүз. Биз жаш муундардын бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн жарандык коомдун, жеке сектордун жана мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты максималдуу кеңейтишибиз керек. Түркия катары жаштарыбызга жана балдарыбызга дагы гүлдөгөн, жашыл дүйнө калтыруу максатыбызга карай аракет кылып жатабыз. Бул контекстте ЮНИСЕФтин ишмердүүлүгүнө чечкиндүүлүк менен колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар