Рианнага Барбадосто Улуттук баатыр наамы берилди

Рианна деп билинген Робин Рианна Фенти Улуттук баатыр наамын алган экинчи аял болду.

1740873
Рианнага Барбадосто Улуттук баатыр наамы берилди

Дүйнөгө белгилүү эстрада ырчысы Рианнага Улуттук баатыр  наамы Барбадос жаңы республикасында ыйгарылды.

Американын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Рианнага бул наам Барбадостун Британиянын мурскор принци Чарльз катышкан азем менен республика деп жарыяланып, Британиянын ханышасы Елизавета IIнин мамлекет башчысы катары таанылышы акырына чыккандан кыска убакыттан кийин тапшырылды.

Барбадостун премьер - министри Миа Моттли ырчынын кичи мекени Бриджтаун шаарында өткөн аземде Рианнанын 2012 - жылы чыккан "Бриллианттар"("Diamonds") аттуу ырына токтолуп, "Бриллианттай жаркырап, улутуңузга сый - урмат алып келүүнү уланта бериңиз",-  деди.

Рианна деп билинген Робин Рианна Фенти 1866 -  жылы каза болгон диний лидер Сара Энн Гиллден кийин Барбадостун тарыхында Улуттук баатыр наамын алган экинчи аял болду.

Рианна  жашаган эки Барбадостун Улуттук баатырынын бири катары да катталды.  Бул наам 1998 - жылы крикетчи сэр Гарфилд Соберске да ыйгарылган.



Тектеш кабарлар