Ники Карими: «Түрк сериалдары өлкөбүздө абдан жактырылып көрүлөт»

Ирандык актриса, режиссёр жана продюсер Ники Карими, 11-Эл аралык кылмыш жана жаза кинофестивалынын «Алтын тараза» көркөм фильмдер сынагынын калыстар тобунун башчысы катары Стамбулга келди.

1740391
Ники Карими: «Түрк сериалдары өлкөбүздө абдан жактырылып көрүлөт»

Ирандык актриса, режиссёр жана продюсер Ники Карими, түрк сериалдарынын өз өлкөсүндө абдан жактырылып көрүлүп жатканын билдирди.

11-Эл аралык кылмыш жана жаза кинофестивалынын «Алтын тараза» көркөм фильмдер сынагынын калыстар тобунун башчысы катары Стамбулга келген Карими, түрк киносунда абдан көп көз карандысыз фильм бар экенин жана аларды жакындан байкаганын айтты.

Карими кызыгууну тарткан жана жактырганын айткан Түркияны көбүнчө адабият окуулары аркылуу тааныганын, бирок убакыт тапса Түркиянын ар кайсы жерлерин кыдырып, түрк маданияты менен дагы жакындан таанышууну каалаарын белгиледи.

Түркияда абдан ийгиликтүү жазуучу жана акындар бар экенин белгилеген Карими: «Эмнегедир Түркиянын Батыш менен Чыгыштын ортосундагы маданий көпүрө экени абдан сезилип жатат»,- деди.

Ирандык искусство чебери түрк сериалдарын Иранда сүйүп көрөрүн да айтып: «Көптөгөн түрк оюнчулары абдан кылдаттык менен иштеп жатканын көрүп жатам. Бул мен үчүн кызыктуу жагдай»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар