Кападокияга молдовалык туристтер түз каттам менен келишти

Баш кеңсеси Невшехирде жайгашкан тур фирмасынын уюштуруусу менен Молдованын борбор шаары Кишиневдон абага көтөрүлгөн учак Кападокия аэропортуна конду.

1736557
Кападокияга молдовалык туристтер түз каттам менен келишти

Молдовадан 180 турист түз каттам менен Невшехирге келди.

Баш кеңсеси Невшехирде жайгашкан тур фирмасынын уюштуруусу менен Молдованын борбор шаары Кишиневдон абага көтөрүлгөн учак Кападокия аэропортуна конду.

Учактан перронго конуп түшкөн туристтерди фирманын башкаруу кеңешинин төрагасы Мехмет Динлер жана жетекчилер гвоздика менен тосуп алышты.

Эмдөө күбөлүгүн текшерүү жана температураны өлчөө медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн туристтер Паспорттук текшерүүдөн кийин туристтик автобустар менен алар турган жайларга жеткирилди.

Мехмет Динлер Кападокияга ар кайсы өлкөлөрдөн түз каттамдарды жасоо үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн алкагында Молдовадан туристтик топтор келе баштаганын айтты.

2022-жылы бул өлкөдөн Кападокия аэропортуна дагы көп туристти тартуу үчүн таанытуу иш-чараларынын улантылып жатканын билдирген Динлер, 144 кишилик учактын аймакка 24-ноябрда келе турганын айтты.


Этикеткалар: #Кападокия , #Молдовадан

Тектеш кабарлар