"Коркут Ата" түрк дүйнөсү кино фестивалы

"Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалынын" сыйлыктары ээлерин тапты.

1733479
"Коркут Ата" түрк дүйнөсү кино фестивалы
korkut ata Turk dunyasi film festiv.2.jpg
korkut ata Turk dunyasi film festiv.1.jpg
korkut ata Turk dunyasi film festiv..jpg

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган жана быйыл «Кайрымдуулук жүктөлгөн канаттар» урааны менен жолго чыккан жана Стамбулда биринчи жолу өткөрүлгөн фестивалдын сыйлык тапшыруу аземи Ататүрк маданият борборунда өттү.

Аземге түрк дүйнөсүнөн  маданият жана искусство чөйрөсүнөн көптөгөн атактуу ысымдар катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, фестивалдын алкагында өткөрүлгөн «Түрк дүйнөсү кино саммитинде» биргелешип эмне кылса болот, дагы жакшысына кантип жетүүгө болот деген темалардын талкууланганын жана пикир алмашуу жолу менен тажрыйбалардын бөлүшүлгөндүгүн билдирди.

Эрсой Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен бирге абдан кенен декларацияга кол коюшкандарын, «Түрк дүйнөсү кино фондун» түзүүдөн «Биргелешкен продюсердик келишимге» чейин бирге кадамдарды бирге таштоону чечкендерин айтты.

ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 38 -  кезектеги жыйынында Бурсанын «2022 түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» деп жарыялангандыгына көңүлдөрдү бурган Эрсой : «Биз да Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалынын экинчисин буюрса келерки жылы Бурсада өткөрүбүз»,- деди.

Эрсой фестивалдын 2023 - жылы Азербайжандын Шуша, 2024 - жылы Казакстанда, 2025-жылы Өзбекстанда жана 2026 - жылы Кыргызстанда өткөрүнүн пландалганын белгиледи.

Фестивалда «Мыкты кино сыйлыгына» Азербайжандан «Чачырап кеткен өлүмдөрдүн арасында» «Мыкты режиссер» сыйлыгына Кыргызстанда «Шамбала» киносунун режиссер жана сценаристти Артыкпай Сүйүндүкөв, «Мыкты сценарий» сыйлыгына Түркиядан «Мавзер», «Жюринин атайын сыйлыгына Өзбекстандан «Туткундук» ылайык көрүлдү.

«Даректүү тасма жарышы» сыйлыктарында биринчи орунду Ирандан «Эгиздер», экинчи орнуду Өзбекстандан «Элдин эрдиги», үчүнчү орунду Россиядан «Лингивист» аттуу тасма алды.

Ошондой эле «Түрк дүйнөсүнүн салымы сыйлыктарына» Өзбекстан кино агенттиги, Казак киностудиясы, Кыргыз киностудиялары жана ТРТ татыктуу деп табылды.

Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарынын бири болгон дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атынан  уулу Элдар менен кызы Ширин Айтматовго берилгендик сыйлыгы ыйгарылды.

Салтанатта түрк дүйнөсүнүн элдик бийлеринен тышкары артист Арсланбек Султанбеков жана Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы менеджери Мурат Карахан катышуучуларга чакан концерт тартуулашты.



Тектеш кабарлар