TRT World Forum эртең башталат

Ачылыш сөзүн президент Режеп Таййип Эрдоган сүйлөйт жана иш-чара 20-октябрда аяктайт.

1721147
TRT World Forum эртең башталат

ТРТнын Дүйнөлүк Форуму (TRT World Forum) 5 жылдыгында «Күч жана парадокс: 21 -кылымда Улуу Стратегияны түшүнүү» темасы менен онлайн түрүндө эртең башталат.

Ачылыш сөзүн президент Режеп Таййип Эрдоган сүйлөйт жана иш-чара 20-октябрда аяктайт.

Быйыл 36 өлкөдөн 100гө жакын баяндамачынын катышуусу менен өткөрүлө турган ТРТнын 5-Дүйнөлүк Форумунда лидерлер, эксперттер, окумуштуулар жана атактуу ысымдар глобалдык көйгөйлөргө жаңы көз караштарды жана мамилелерди алып келишет.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да ачылыш сөзүн сүйлөй турган иш-чарада эки күн бою климат жана глобалдык саламаттык сактоо кризисинен эл аралык экономикалык өнүгүүгө чейин, Евразиянын жогорулоосунан санариптик башкарууга чейинки көптөгөн маанилүү маселелерди өз тармагындагы адистер талкуулашат.

Күчөтүлгөн реалдуулук технологиясы менен башка онлайн окуялардагы форматтарга караганда өзгөчө бир тажрыйба сунуштаган TRT World Forum 2021, белгилүү артисттердин концерттерин да өткөрөт.

TRT World Forum 2021ге www.trtworldforum.com дарегине катталып, иш-чарага түз эфирде байкоо жүргүзүү мүмкүн болот.



Тектеш кабарлар