Эр Манастын айкели Анкарада

Айкелди ачуу иш-чарасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

1700446
Эр Манастын айкели Анкарада

 

АЙКӨЛ МАНАС АНКАРАГА КЕЛДИ

Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен районуна Айкөл Манастын айкели орнотулду. Айкелди ачуу иш-чарасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Айкелди орнотуу демилгесин Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев көтөрүп, жалпы эл колдоду.

Айкелдин өзү 6 метр. Жезден жасалган. Астындагы негизди кошкондо 10 метрден ашат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен катар Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок, Кечиөрен районунун акими Угур Булут, АК партиянын Кечиөрен районунан эл өкүлү Зафер Чоктан жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 30дан ашуун элчилер жана элчиликтердин өкүлдөрү, Анкарадагы мекемелердин мүчөлөрү, Кечиөрендин тургундары,  Түркиядагы мекендештер жана басма сөз мүчөлөрү катышышты.  

Эр Манас айкелинин ачылышында сөз сүйлөгөн, Кечиөрен районунун мэри Тургут Алтынок: «Манас эпосу биз бала кезибизде окуган эпос. Манас эпосу тарых жана адабият китептерибизде окулган жана бул дүйнөдөгү эң узун эпос. Бир жагынан мамлекеттик башкаруу, экинчи жагынан адамдык башкаруу, адамдык баалуулуктарды сүрөттөө; Бул 840 -жылы түптөлө баштаган жана ушул күнгө чейин жеткен эпос, жолдо айтылгандардын канчалык туура жана чындык экендиги убакыттын өтүшү менен түшүнүлгөн дастан болуп саналат»,-деди.

МАНАС; БИЗДИН МАДАНИЯТЫБЫЗ, ДЕМИБИЗ, ҮНҮБҮЗ

Кыргыз артисттеринин комуздун коштоосунда өткөн концертинен кийин катышуучуларга кайрылган Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок: «Манас - бүт дүйнөгө адилеттүүлүк, чындык жана чынчылдык жөнүндө айтып берген эпос. Манас эпосу - адамдык баалуулуктарды алдыңкы планга чыгаруучу эпос… Манас; бул биздин маданият, демибиз, үнүбүз жана башыбыздан өткөндөр. Бүгүн биз Теңир тоолордон, Ысык -Көлдөн келген, Манас Баатырдын айкелин Анкарада жана Кечиөренде ачылганына сыймыктанабыз жана бактылуубуз. Манас берген кабарларда сүйүү, бир туугандык, биримдик жана ынтымак бар. Бул айкел дүйнөдө сүйүүнүн, бир туугандыктын, биримдиктин жана тилектештиктин калыптанышына себепчи болот деп ишенем. Бүгүн биздин кыялдарыбыз орундалды. Балдарыбыз жана жаштарыбыз Түрк дүйнөсүнүн Калаба шаардык аянтындагы Манастын айкелин көрүп, анын ата -бабалары менен таанышканы үчүн сыймыкка жана урматка ээ болушат. Айкелибиздин курулушуна салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиргим келет»,-деп айтты.

Сөзүнүн аягында Алтынок Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров кол койгон жарлык менен Кыргызстан мамлекеттик ордени менен сыйланганына абдан кубанычта экенин билдирип, президент Жапоровго жана кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди.

ӨМҮРАЛИЕВ: «ТҮРКИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫН КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕСТИГИН ТААНЫГАН БИРИНЧИ ӨЛКӨ».

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Эр Манастын айкелинин ачылышына канааттангандыгын билдирип, «Бүгүн биз Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө үчүн Анкаранын Кечиөрен районунда Манас айкелинин ачылышын өткөрүп жатабыз. Бул айкел эки боордош элдин кылымдардан берки түбөлүктүү достугунун символу. Анкарада Манас атабыздын айкелинин ачылышына салым кошкон бардык түрк жана кыргыз жарандарына, биздин президенттерге жана Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынокко терең ыраазычылык билдирем. Тарых барактарына кайрылсак, мындан 30 жыл мурун, 1991 -жылы 31 -августта Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялаган. Кыргызстандын 2300 жылдык тарыхы бар. Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкө. Биздин кызматташтык 30 жылдан бери ар бир тармакта ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Манас айкелинин тургузулушу бир туугандык байланыштарды чыңдоого жана жалпы маданий баалуулуктарыбызды сактоого өбөлгө түзөт. Манас эпосу - эркиндиги, көз карандысыздыгы жана намысы үчүн күрөшүп жаткан кыргыз элинин баатырдык согушунун укмуштуу окуясы. Бул талашсыз эстутум болуп эсептелет»,-деп айтты.

Протоколдук сөздөрдөн кийин катышуучулар заңкайып турган  Эр Манастын айкелин ачышты, андан соң аянттагы «Манас» көргөзмөсүн кыдырышты.

ИЙГИЛИККЕ АЛЫП БАРГАН ТҮЙШҮК

Эстеликтин образын Бексултан Жакиев баш болгон белгилүү инсандардан, манасчылардан турган комиссия иштеп чыккан. 
«Бул иш 4 жыл мурун эле башталган. Бул жылдар аралыгында айкелдин так ушул образы салыштырмалуу элдин көпчүлүгүнө жаккан»,- деп билдирди коомдук ишмер Темирлан Cарлыкбек уулу.


Анкарадагы Элчилик Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалын эске алып, эстелик курууну ишке ашыруу үчүн ишкерлерге, Түркиядагы диаспоранын активдүү өкүлдөрүнө (доктурларга, окумуштууларга, ишкерлерге) жана түрк досторго кайрылган. Айкелди жасап чыгарууга өз салымдарын кошкон ишкерлерге өзгөчө ыраазычылык. Ал эми Анкаранын же башка бир чоң шаардын борбордук аянтчасынан эстелик үчүн орун бөлдүрүү өтө эле чоң эмгекти талап кылат. Кыргызстандын Элчилиги мына ушул опол тоодой ишти аткарып, Айкөл Манас атабыздын эстелигин 1 миллион калктуу Кечиөрен муниципалитетинин Калаба аянтчасынын дал ортосуна тургуздурду. Кыргыздарды жана Кыргызстанды сүйгөн мэр Тургут Алтынокко терең ыраазычылык билдирилди. 
Ушул эле Кечиөрен районундагы сейил бактардын биринде 2019-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да айкели ачылган.
 



Тектеш кабарлар