Невшехирде жергиликтүү өндүрүш болгон ысык аба шары таантылыды
Колдорунда түрк желектери менен аянтка келгендер чоң түрк байрагынын көрүнүшүндөгү шардын айланасында сүрөткө түшүтү.
Түркиянын негизги туризм борборлорунан Кападокияда жергиликтүү ысык аба шарын өндүргөн фирма тарабынан даярдалган ай - жылдыздуу шар таанытылды.
Эл аралык 2 - Кападокия ысык аба шары фестивалынын негизинде 30 - Август жеңиш майрамынан улам чыгарылган шар эрте менен Невшехирдин Гөреме аймагындагы фестиваль өткөн аянтка алып келинди.
Топтун даярдыктарынан кийин шар үйлөтүлүп пери моруларынын арасында учурулду.
Колдорунда түрк желектери менен аянтка келгендер чоң түрк байрагынын көрүнүшүндөгү шардын айланасында сүрөткө түшүтү.
Кападокияда туристтердин пери морулары жана табигый жолдор менен пайда болгон аскалар менен капталган аянттарды көрүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн башка ысык ба шарлары да 30 - Август жеңиш майрамынан улам түрк желектери жана Ататүрктүн портреттери менен учту.
Ай - жылдыздуу ондогон ысык аба шары аймактагы капчыгайлардын үстүндө 40 минутага жакын учту.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.