Анкарада Эр Манастын эстелиги ачылат

Эстелик Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин демилгеси менен Кечиөрен муниципалитетинин жана жарандардын колдоосу менен ачылууда.

1699053
Анкарада Эр Манастын эстелиги ачылат

Түркиядагы элчибиз Кубанычбек Өмүралиевдин демилгеси менен 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкара шаарынын Кечиөрен районунда  Айкөл Манас атабыздын эстелиги ачылганы турат. Бул эстелик - элдик эстелик, негизинен Түркияда иштеп, жашап жаткан мекендештерибиздин колдоосу менен бүттү. (Жакында салым кошкон атуулдарыбыздын толук тизмесин элчилик жарыялайт.) Эл башында элчи Кубанычбек Өмүралиев турду. Стамбулдагы Айкөл Манастын каражатын баштан аяк көтөргөн, идея башында турган Темирлан Сарлыкбек уулуна, кыргыздын сыймыктуу жигити Айбек Сарыгулга, ошондой эле жана башка мекендештерибизге өзгөчө мактоолор. Ар бир мекенчил жердештер Анкарадагы эстеликтин орнотулушуна төө көтөргүс эмгек кылды. Бул эстеликке Түркиянын бийлиги, түрк боордоштор да айрыкча салым кошуп, боордоштук сезимди көрсөттү. Түркияга - чоон рахмат! Айрыкча демилгени кош колдоп колдогон Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок мырзага ыраазычылык билдиребиз. Эстеликтин автору Кыргыз эл суротчусу, таланттуу скульптор Саадабек Ажиев. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында Айкөлүбүз Анкарага келип олтурат. Майрам кут болсун!



Тектеш кабарлар