Россиялык эс алуучулар Түркияга агылып келе башташты
Россиянын Түркияга 15-апрелде баштаган учуу чектөөсү бүгүн аяктагандан кийин орусиялык туристтер кайрадан Стамбулга келе башташты.
Жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу Россиянын Түркияга 15-апрелде баштаган учуу чектөөсү бүгүн аяктагандан кийин орусиялык туристтер кайрадан Стамбулга келе башташты.
Россиянын Аэрофлот авиакомпаниясынын Су2126 рейси менен Свободный аэропортунан учуп чыккан учак 156 жүргүнчү менен Стамбул аэропортуна конду.
Паспорттук текшерүүдөн кийин жүктөрүн алып кеткен орусиялык туристтердин бир бөлүгү трансфер бөлүмүнөн Анталияга кетсе, калгандары Стамбулдагы мейманканаларга жөнөп кетишти.
Россиялык туристтер 2 айлык чектөө аяктагандан кийин аба каттамдарынын жанданышына ыраазы экендигин билдиришти.
Экинчи жагынан, Түрк аба жолдору Стамбул-Ростов (2 рейс), Стамбул-Казань (2 рейс), Стамбул-Санкт-Петербург (4 рейс), Стамбул-Москва (10 рейс), Бодрум-Москва (2 рейс) жана Анталья –Москва (4 рейс) аралыгында бүгүн 24 каттам ишке ашканы белгилүү болгонду.
Бүгүн эртең менен «туризмдин борбору» Анталияга Россиядан 132 адамдан турган биринчи туристтик топ келген болчу.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.