Азербайжандан АА жана ТРТга сыйлык берилди

Салтанатта сөз сүйлөгөн Проф. Д-р. Исаханлы: «Карабах согушунда акыйкаттыкты камсыз кыла турган күчтү көрдүк. Түркиянын Азербайжандын ар бир тармакта жанында турушу көйгөйдү чечүүдө маанилүү роль ойноду»,-деди.

1659398
Азербайжандан АА жана ТРТга сыйлык берилди

Азербайжан Каспий университети жана Түркиядан окуусун бүтүргөн академиктер жана ишкерлери платформасы Анадолу агенттигинин (AA) башкы директору Сердар Карагөзгө жана Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эренге мекемелеринин Карабах согушундагы иш-аракеттери үчүн ардак такталарын тапшырышты.

Каспий университетинде өткөрүлгөн аземге Каспий университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Проф. Д-р. Гамлет Исаханлы, AAнын башкы директору Карагөз, ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар (YTB) башкармалыгынын башчысы Абдулла Эрен, академиктер жана Түркиядагы университеттерди аяктаган студенттер катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Проф. Д-р. Исаханлы: «Карабах согушунда акыйкаттыкты камсыз кыла турган күчтү көрдүк. Түркиянын Азербайжандын ар бир тармакта жанында турушу көйгөйдү чечүүдө маанилүү роль ойноду»,-деди.

ТРТнын башкы директору Эрен, ТРТнын дүйнөдөгү иш-аракеттери жөнүндө маалымат берип, алардын Түркия менен Азербайжандын адилеттүү ишин дүйнөгө айтып беришкендигин баса белгиледи.

Берүүлөрү менен дүйнөнүн ар бир бурчунда үн чыгаргандыгын айткан Эрен, Карабах согушу учурунда дагы ТРТнын кабарчылары дүйнөгө эмне болгонун айтып беришти.

Эрен: «Биз AA менен биргеликте дүйнөгө жаңы курал - ЖМК аркылуу кылымдар бою коргоп келген укуктар, адилеттүүлүк жана баалуулуктар жөнүндө айтып жатабыз. Биз буга сыймыктанабыз»,-деди.

AA мекемесинин башкы директору Карагөз дагы мындай деди: «Жер басып алуудан бошотулуп жатканда, бул жердеги эң маанилүү маселе бул дүйнөгө чындыгында боштондукка чыгуу операциясы экендигин түшүндүрүү. Азербайжан Карабакты өз аскерлери менен сактап калды. Бул мааниде эл аралык коомчулуктан эч кандай үн чыккан жок. Себеби AA жана ТРТ бул адилеттүү күрөштү дүйнөгө ушунчалык жакшы түшүндүргөндүктөн, аны баары кабыл алууга аргасыз болушту. АА жана ТРТнын берүүлөрү Азербайжан армиясына чоң салым кошту. Чындыкты өз күчүбүз, армиябыз менен бириктирип, дүйнөгө жарыяладык»,деген сөз айкаштарын колдонгон.

 YTB башкармалыгынын башчысы Абдулла Эрен шейит кеткендердин жакындары жана Карабах согушунун ардагерлери үчүн атайын квота бөлө тургандыктарын билдирди.

«Ушул жылдан баштап биз Азербайжандын акыйкат жолунда курман болгон же жаракат алган адамдардын балдарына Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөбүз. Биз Түркияда ардагерлер жана шейиттердин балдары үчүн билим эшигин ачабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар