Анадолу Агенттиги менен ТРТнын ийгиликтүү журналистикасы бутага алынууда

Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) жана Анадолу агенттиги (AA) Израилдин кыргындарын, баскынчылыгын жана бейкүнөө жарандарга карата баскынчылыгын эң натыйжалуу жарыялаган медиа уюмдар болуп саналат.

1640212
Анадолу Агенттиги менен ТРТнын ийгиликтүү журналистикасы бутага алынууда

Түркиянын дүйнөлүк эки медиа бренди болгон Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) жана Анадолу агенттиги (AA) Израилдин кыргындарын, баскынчылыгын жана бейкүнөө жарандарга карата баскынчылыгын эң натыйжалуу жарыялаган медиа уюмдар болуп саналат.

Акыркы жылдары Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында эл аралык берүүлөргө жумшаган инвестицияларынын натыйжасында кабарчынын, техникалык жабдуулардын, чет тилдерде берүүлөрдүн каналдарынын көбөйүшү жана ага катар жаңылыктар тармагынын кеңейиши чечүүчү эффектти жаратуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти.

Дүйнөлүк маалымат каражаттарында, окуяларга Израилдин көз-карашынан ашып өтө алган кээ бир медиа уюмдардын, адатта, сүрөттөрдө AA логотиби бар сүрөттөрдү, видеолорду жана кабарларды камтышы маанилүү бир деталь. Бул жагдай АА жана ТРТнын журналисттик ийгилигин айгинелеп турат.

Ушул себептен дүйнө коомчулугунун маалымат эркиндиги үчүн иш алып барган АА жана ТРТ Израилдин ММКлары тарабынан бутага алынууда.

Бирок кабарчылык фактыларды жеткирүү үчүн жасалат.

АА жана ТРТ дагы жылаңач чындыкты апыртмасыз, басмырлабай, жашырбай жана ойдон чыгарбоого аракет кылышат.



Тектеш кабарлар