Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.
Бүгүн бүткүл дүйнө Энелер күнүн кубанычтуу белгилеп жатат. Бизди 9 ай курсагында ташыган, миң түркүн машакат менен жарык дүйнөгө алып келген, денибиз сак чоңоюшубуз үчүн колунан келгенин аябаган энелерибизди дагы бир жолу сүйүү менен эскере алышыбыз үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет ушул күн. Эгер көзү тирүү болсо энелерибизди урматтап, аларга болгон сүйүүбүздү көрсөтүүдөн тартынбайлы. Аларга жүз жолу, миң жолу урмат-сыйыбызды,сүйүүбүздү билдирсек дагы алардын бизге төккөн мээримине тең келе албайбыз. Алардан алыста жашап жатсак жок дегенде телефон чалып ал абалын сурай турган өзгөчө күндөбүз. Бүткүл дүйнөдөгү Энелер күнү куттуу болсун!
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.