Эрен ТРТдагы радио кызматкерлерин куттуктады

ТРТ радиолору уктуруунун 94-жылын белгилеп жатышат.

1635519
Эрен ТРТдагы радио кызматкерлерин куттуктады

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен, ТРТ радиолорун келечекке жеткирүү үчүн бүт күч-аракетибизди жумшап жатабыз деп билдирди.

ТРТ радиолору уктуруунун 94-жылын белгилеп жатышат.

ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен, кесиптештерин ТРТ радиолорунун түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгы менен куттуктоосунда, ТРТда радио кызматкерлерин «эфирдик жашоосунун ушул маанилүү күнү» менен куттуктады. Эрен: «Радио дагы деле болсо ар дайым адамдарды өзүнө тартып турган жана өзгөчө сезимдерин камтыган жалтырак абалы менен салттан келечекке бекем көпүрө, жүрөктөн жүрөккө чексиз жол болуп кала берет»,- деди.

«Биз радиолорубузду келечекке жеткирүү үчүн болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз»,-деп айткан Эрен,жакынкы аралыкта жайылта турган «TRT Listen» санарип платформабыз дагы радиолорубузду чыңдайт деп ишенем деген баасын берди.

ТРТнын радионун баалуулугун билгендигин баса белгилеген Эрен дикторлорго, продюсерлерге, ТРТ радиосунун артисттерине жана жаңы типтеги коронавирус (Сovid-19) эпидемиялык процесси алып келген кыйынчылыктарга карабастан берилгендик менен иштеген бардык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.


Этикеткалар: #ТРТ радиолору , #Түркия

Тектеш кабарлар