Украинанын маданият жана маалымат министри: «Түркиянын тажрыйбасын ишке ашыргыбыз келет»

Украинанын туристтик укуктары жана туризм коопсуздугу боюнча кошумча жумушчу топтун жыйыны үчүн Антальяга келген Ткаченко, Коопсуз Туризм Сертификаты программасын кылдаттык менен карап чыкты.

1629951
Украинанын маданият жана маалымат министри: «Түркиянын тажрыйбасын ишке ашыргыбыз келет»

Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министри Александр Ткаченко Түркиянын Коопсуз Туризм Сертификаты программасына байланыштуу тажрыйбасын үйрөнүп, аны өлкөдө колдонууну каалагандарын билдирди.

Украинанын туристтик укуктары жана туризм коопсуздугу боюнча кошумча жумушчу топтун жыйыны үчүн Антальяга келген Ткаченко, Коопсуз Туризм Сертификаты программасын кылдаттык менен карап чыкты.

Делегациясы менен байыркы Аспендос шаарына барган Ткаченко Антальяда жемиштүү жолугушууларды өткөргөндөрүн айтты.

Жолугушуу менен ал Түркияда туризм жаатында көрүлүп жаткан иш-чараларды жеринен көргөндөрүн айткан Ткаченко, «Коопсуз Туризм Сертификаты программасы чындыгында эле кызыктуу демилге, биз Түркиянын бул тармактагы тажрыйбасын баалап, билип, өз өлкөбүздө колдонууну каалайбыз»,-деди ал.

Ткаченко, Түркиянын коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөө изилдөөлөрүнүн туризм жагынан дагы маанилүү экендигин белгиледи.

Өзгөчө туризм секторунун кызматкерлерине эмдөө өрнөктүү тажрыйба экендигин баса белгилеген Ткаченко:

«Сектордо иштеген кызматкерлердин эмдөөсүнүн аркасында Украинадан Түркияга келген туристтердин саны сөзсүз көбөйөт»,-деди.

Украиналык туристтерди Түркияга алып келүү үчүн да аракеттер көрүлүп жаткандыгын баса белгилеген Ткаченко: «Мен өнөктүктүн эң жаркын мисалымын. Ошол эле учурда май айынын ортосунда украин басылмаларынан турган топ келип, ушул жерлерди кыдырып, коопсуз туризм эмнени билдирерин, эмне жасалганын көрүп жана украиналыктарга айтып берет. Украинада жалпыга маалымдоо каражаттарында Түркиядагы эс алуучу жайлар жөнүндө жарнамалар болот».



Тектеш кабарлар