Кыргыз Республикасынын Маданият министри Кайрат Иманалиев ТҮРКСОЙдо

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Доц. Д-р. Билал Чакыжы алып барган салтанатка Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, чектелген сандагы коноктор жана басма сөз кызматкерлери катышты

1619986
Кыргыз Республикасынын Маданият министри Кайрат Иманалиев ТҮРКСОЙдо

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык Түрк Маданият Уюмуна (ТҮРКСОЙ) барып Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Элчилиги менен биргеликте даярдалган жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары, «Манас» эпосунун гравюралары менен сүрөттөрдөн турган аралаш көргөзмөнүн ачылышын жасады.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Доц. Д-р. Билал Чакыжы алып барган салтанатка Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, чектелген сандагы коноктор жана басма сөз кызматкерлери катышты.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов Хорватиянын Риека шаарынан видео байланыш менен куттуктоо сөз сүйлөдү, ал жерде «Хива - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат.

Өз сөзүндө ТҮРКСОЙ Башкы катчысынын орун басары Доц. Д-р. Билал Чакыжы, Уюмдун негиздөөчү өлкөлөрү, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан, эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түрк дүйнөсүнүн эң белгилүү фотографтарынын линзаларында чагылдырылган кадрлардан турган сүрөт көргөзмөсү менен эгемендүүлүк мааракесин баштап Измир, Айдын, Ыспарта, Денизли, Анкара, Билежик жана Хатай провинцияларында чоң толкундануу жана шыктануу менен көргөзмөлөрдү уюштургандыгын айтты.

ТҮРКСОЙ менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтык жогорку деңгээлде экендигин жана ар кандай тармактарда көптөгөн ийгиликтүү биргелешкен иштерди жүргүзүшкөндүгүн белгилеген Чакыжы: «ТҮРКСОЙ уюму катары, кыргыз тили жана адабиятын түзгөн адамдарды эскерип, кыргыздар элдик жазуучулар, элдик акындар, адабий пионерлер жана алардын артында калтырган чыгармалары менен тааныштыруу, жарыялоо жана туруктуу кылуу, алардын атынан илимий конференцияларды уюштуруу биздин уюмдун башкы максаты. ТҮРКСОЙ уюмга мүчө өлкөлөрдөн алган күчү менен элдерибиздин маданий жана көркөм кызматташтыгын чыңдоого багытталган көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга көп күч-аракет жумшайт. Биздин эң негизги каалообуз - Түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана искусствосун сактоого багытталган ушул жана ушул сыяктуу иш-чаралар эгемендүүлүктүн 30-жылында, айрыкча биздин түптөөчү жана мүчө өлкөлөрдө, Түркияда жана башка өлкөлөрдө дагы да көбөйө берсин. Ушундан улам, биз арабыздагы бир туугандык мамилелерди чыңдап, адамзаттын кызматына коюу аракетибизге күч-кубат берип, колдоо көрсөткөн жана жалпы кызматташтыкка кам көргөн бардык негиздөөчү жана мүчө өлкөлөрдүн маданият министрликтерине ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.

Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев буларга токтолду: 

"Мындан 30 жыл мурун көп кылымдык тарыхыбызда жаңы барак ачылган. Мамлекетибиздин эркиндиги мурунку муундардын талыкпай күрөшүүсүнүн натыйжасында бизге калтырылган аманат. Бул баа жеткис белекти келечектеги урпактарыбызга көздүн карегиндей сактап жеткирүү биздин милдетибиз.

Өлкөбүздүн көз карандысыздыгы ТЮРКСОЙ уюму сыяктуу уюмдардын түзүлүшүнө өбөлгө болуп берди.

ТЮРКСОЙ уюму түзүлгөнүнөн баштап ар кандай маданий иш чараларды өткөрүү менен түрк тилдүү мамлекеттердин маданий кызматташтыгын тереңдетүүдө жана чындоодо өз салымын кошуп келет.

Эң соң өткөрүлгөн иш чара – ушул жылдын 2-апрелинде Хатай шаарында Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн жана ТҮРКСОЙ сейил багынын ачылышы болду.

Аталган сейил бакта түрк тилдүү элдердин адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн рельефтик портреттери менен алар тууралуу маалымат такталары орнотулган. Алардын катарында Ч.Айтматов дагы бар. Мындай демилге үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Уюмдун алдына коюлган милдеттер жана максаттар толук жана натыйжалуу аткарылышы керектигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Кандай иш чара болбосун, эң негизги максат – маданиятыбызды өзүбүздүн арабызда гана эмес, башка мамлекеттерге дагы таанытуу керек экенин баса белгилемекчимин. Мүчө мамлекеттердин маданиятын таанытууда кененирээк аймакты камтуу – көбүрөөк адамдардын түрк дүйнөсүнүн маданияты менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк бермекчи. Ошондой эле бул жаатта Түрк тилдүү мамлекеттердин Маданият министрлеринин туруктуу Кеңеши менен дагы активдүү өз ара аракеттенээрине ишенем.

ТЮРКСОЙ уюму алдыда мындан дагы жакшы жана жемиштүү иштээрине, ошондой эле ар кандай иш-чараларды уюштуруу аркылуу түрк тилдүү мамлекеттеринин улуттук баалуулуктарын жайылтуу жана тарыхый инсандарын таанытуу максатында натыйжалуу иш жүргүзөөрүнө үмүтүм зор.

Сөзүмдү аяктап жатып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана терең мамилелер дагы да өнүгө беришин каалайм. Боордош өлкөлөрүбүздө молчулук, береке жана тынчтык болсун, ал эми элибиз ден соолугу бекем, бактылуу жана аман болушсун".

Маданият министри Кайрат Иманалиев, Түркияга сапарынын алдында Азербайжандын борбору Бакуда өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин Маалыматтык жыйынына катышкандыгын белгилеп, жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү керектигине токтолгондорун билдирди.

Түрк дүйнөсүнүн жүрөгү болгон ТҮРКСОЙго жана Кыргызстандын мааракесине карата өткөрүлүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнө катышканына кубанычта экендигин белгилеген Иманалиев, Чынгыз Айтматов ТҮРКСОЙ үчүн «Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу» дегенин эске салды.

Иманалиев Түрк дүйнөсүндөгү маанилүү инсандарды эскерүү жана аларды жаңы муундарга таанытуу ТҮРКСОЙдун эң маанилүү иш-чараларынын бири экендигин белгиледи.

Кыргызстандын Ош шаары 2019-жылы «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыялангандыгын эске салган Иманалиев ТҮРКСОЙ уюму буга байланыштуу ар кандай иш-чараларды уюштургандыгын айтты.

Иманалиев: «Мен Кыргызстандын маданият министри катары алгачкы расмий сапарларымды Түрк дүйнөсүнөн баштадым. Бул контекстте биринчи Казакстандын Маданият министри, андан кийин Өзбекстандын Маданият министри жана кечээ Азербайжандын Маданият министри менен жолугуштук. Эртең Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, андан кийин Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мухаррем Касапоглу менен жолугушуу өткөрөбүз»,-деди.

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда жакшы мамилелер бар экендигин белгилеген Иманалиев, Президенттин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен да жолугушуусу боло тургандыгын айтты.

Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдыдагы күндөрдө Түркияга расмий иш сапары боло тургандыгын айтты.

Программанын аягында кыргыз эл артисти Гүлира Касымкулованын аткаруусунда кыргыз музыкасы жаңырды.



Тектеш кабарлар