Министр Эрсой Бодрумда табылган экспонаттарды коргоо чараларын көрүшкөндөрүн айтты

Бул тууралуу министр Эрсой Твиттердеги эсебинде маалымат бөлүштү.

1614545
Министр Эрсой Бодрумда табылган экспонаттарды коргоо чараларын көрүшкөндөрүн айтты

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Мугланын Бодрум районунда 2400 жылдык тарыхый экспонаттар табылган аймакты коргоо үчүн чараларды көрүшкөндөрүн жана бул буюмдарды Бодрумдагы суу алдындагы археология музейинде көргөзүү үчүн иштеп жатышканын билдирди.

Министр Эрсой Твиттердеги эсебинде кечээ аймактагы бир курулуштун пайдубалын казуу учурунда табылган жана казуу иштери Бодрум сепилиндеги суу алдындагы археология музейинин дирекциясы тарабынан башталган саркофаг мүрзөсүндөгү буюмдар жөнүндө билдирүү жасады.

Эрсой, өзүнүн билдирүүсүндө, «Биз Бодрумда биздин заманга чейинки 4-кылымга таандык 15 мүрзөнүн жана көптөгөн экспонаттардын үстүнөн кылдаттык менен иштеп жатабыз. Аймакты убактылуу жаап, артефакттарды коргоо чараларын көрүп жатабыз. Бодрумдагы суу алдындагы археология музейине экспонаттарыбызды коюу эмгектерибиз уланууда»,деген сөздөрдү жазган.



Тектеш кабарлар