Москва шаарында «Дүйнөлүк саат» иш-чарасы өттү

Россиянын жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Александр Козлов, иш-чарага чейин бул иш-чарага дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар катышкандыгын билдирди.

1609851
Москва шаарында «Дүйнөлүк саат» иш-чарасы өттү

Орусиянын борбору Москва шаарында «Дүйнөлүк саат» иш-чарасы өттү.

Дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фонду (WWF) тарабынан климаттын өзгөрүшүнө жана экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу максатында уюштурулган иш-чаранын алкагында тарыхый Кызыл аянтта, Останкино мунарасында, Чоң театрда, Кремль Дворецинде, өкмөттүн жана парламенттин имараттарында 2000ден ашуун имарат, айрым музейлер, стадиондор жана парктардын жарыгы 1 саатка өчүрүлдү.

Россиянын жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Александр Козлов, иш-чарага чейин бул иш-чарага дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар катышкандыгын, «Бул адамдар Жерде эмне болуп жатканын, эртең эмне болоорун жана балдарга эмне калаарын ойлонуп жатышат»,-деди.

Дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фондунун (WWF)  Россия боюнча директору Дмитрий Горшков буга чейин жаратылыш жана адамдар үчүн кооптуу кырсыктар болгонун, Жердеги окуялар жөнүндө маалыматтар так болушу керектигин айтты.

Дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фондунун (WWF)  тарабынан 2007-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан «Дүйнөлүк саат» иш-чарасынын алкагында дүйнөнүн ири шаарларындагы маанилүү эстеликтердин, курулмалардын жана имараттардын жарыгы 1 саатка өчүрүлүп турат.

Россия бул иш-чарага 2009-жылдан бери катышып келет.



Тектеш кабарлар