БУУдан Түркиянын «Zero Waste» долбооруна сыйлык берилди

Эмине Эрдогандын карамагында 2017-жылы негизделген Zero Waste Project долбоорунун Туруктуу өнүгүү принциптеринин контекстинде таштандыларды көзөмөлдөө, келечек муундарга ачык-айкын объективдүү Түркияны жана жашоого ыңгайлуу дүйнөнү калтырууну максаттайт.

1607088
БУУдан Түркиянын «Zero Waste» долбооруна сыйлык берилди

Түркия жүргүзгөн «Zero Waste» долбоору (Сарамжалдуулук долбоору) , Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) сыйлык алды.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана шаар куруу министри Мурат Курум өзүнүн Твиттер эсебиндеги бөлүшүүсүндө, «(Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы) Эмине айымдын колдоосу астында ишке ашырган жана коомубуздун бардык катмарлары тарабынан жактырылган биздин «Zero Waste» долбоорубуз эл аралык платформада бааланып БУУнун Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өнүгүү максаттары иш-аракет сыйлыгына татыктуу деп табылды»,-деди.

Курум: «Келечектеги муундарга жашоого ыңгайлуу дүйнөнү калтырууну максаттаган «Zero Waste» долбоорубуздун ийгиликке жетишүүсүнө баалуу салымын кошкону үчүн айрыкча Эмине Эрдоган айым баш болгон таза айлана-чөйрө үчүн кол кармашкан биздин элибизге терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деп айтты.

Эмине Эрдогандын карамагында 2017-жылы негизделген Zero Waste Project долбоорунун Туруктуу өнүгүү принциптеринин контекстинде таштандыларды көзөмөлдөө, келечек муундарга ачык-айкын объективдүү Түркияны жана жашоого ыңгайлуу дүйнөнү калтырууну максаттайт.



Тектеш кабарлар