БУУнун Өнүктүрүү программасынан Zero Waste Project үчүн Эмине Эрдоган сыйланат

БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Клаудио Томаси тарабынан Эмине Эрдоганга 25-мартта борбор шаар Анкарада өтө турган аземде сыйлык тартууланат.

1605966
БУУнун Өнүктүрүү программасынан Zero Waste Project үчүн Эмине Эрдоган сыйланат

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын карамагындагы Zero Waste Project (Эч таштанды чыгарбоо) долбооруна БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Түркия бөлүмүнөн сыйлык ыйгарылды.

Түркияда алгач ирет Zero Waste Project долбооруна бериле турган «Глобалдык Максаттар Аракет Сыйлыгы»

БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Клаудио Томаси тарабынан Эмине Эрдоганга 25-мартта борбор шаар Анкарада өтө турган аземде сыйлык тартууланат.

ПРООН Түркиядан алынган маалыматка ылайык, Zero Waste Project, Туруктуу өнүгүү максаттарынан «Жооптуу өндүрүш жана керектөөнүн» максаттарына олуттуу салым кошкондугу үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын Түркия бөлүмүнөн «Туруктуу өнүгүү максаттары аракет сыйлыгын» алат.

Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен 2017-жылы негизделген Zero Waste Project долбоорунун Туруктуу өнүгүү принциптеринин контекстинде таштандыларды көзөмөлдөө, келечек муундарга ачык-айкын объективдүү Түркияны жана жашоого ыңгайлуу дүйнөнү калтырууну максаттайт.

«Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш» темалуу алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү аткарып жана  глобалдык максатка салым кошконунан улам Түркияда эң биринчи Zero Waste Project долбооруна бериле турган сыйлык Томаси Клаудио тарабынан Эмине Эрдоганга тапшырылат.



Тектеш кабарлар