«Түптөлүү; Осмон» аттуу телесериал араб көрүүчүлөрүнүн назарында

Осмон империясынын түптөлүү мезгилин түшүндүргөн «Түптөлүү; Осмон» жана «Мендирман Желаледдин (Желаледдин Харземшах)» сериалдары менен «Түрктөр келе жатат: Адилеттик кылычы» кинотасмасы араб тилинде  эфирге чыгат.

1605234
«Түптөлүү; Осмон» аттуу телесериал араб көрүүчүлөрүнүн назарында

Осмон империясынын түптөлүшү жөнүндө «Түптөлүү (Курулушу); Осмон» аттуу телесериал араб көрүүчүлөрүнүн назарында.

Арабиялык «Noor Play» сериал-фильм платформасы Осмон империясынын түптөлүү мезгилин түшүндүргөн  «Түптөлүү; Осмон» жана «Мендирман Желаледдин (Желаледдин Харземшах)» сериялары менен «Түрктөр келе жатат; Адилеттик кылычы» кинотасмасын арабча  эфирге чыгаруу укугуна ээ.

Noor Play платформасынын ээси, Misak Media Group Башкаруу кеңешинин мүчөсү Абдуллах бин Ахмед аль-Хашими, Түркиялык чыгармалар дүйнөдөгү эң көп көрүлгөн чыгармалардын тизмесинде АКШдан кийин экинчи орунду ээлегенин, «Түрк сериалдары 146 өлкөдө, айрыкча араб өлкөлөрүндө чоң кызыгуу менен байкалууда»,-деди.

Хашими платформада «Түптөлүү; Осмон» көрсөтүүсүн болжол менен бир ай мурун башташканын жана "Мендирман Желаледдин (Желаледдин Харземшах)" араб тилинде эл аралык деңгээлде көрсөткөн биринчи аянтча болгонун айтты.

Хашими ошондой эле Фатих Султан Мехмет Хандын Стамбулду багындырышынан кийин Осмон империясынын көтөрүлүшү жөнүндө баяндаган «Түрктөр келе жатат: Адилеттик кылычы» кинотасмасын Noor Play аянтчасында тартуулай тургандыктарын белгиледи.

Noor Play араб жана ислам дүйнөсүндөгү эң популярдуу жана популярдуу сериалдардын бири болгон «Дирилиш Эртугрул» сериалын ТРТ менен келишимден кийин араб көрүүчүлөрүнө расмий түрдө тартуулаган биринчи аянтча болду.

Түрк сериалдарын Түштүк жана Түндүк Америка, Африка, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын 146 өлкөсүнөн болжол менен 700 миллион адам көрөт.



Тектеш кабарлар