Ак калпак күнү Кыргызстандын бардык аймактарында салтанаттуу белгиленди

Мекенчил жаштар атадан калган баш кийимди даңазалоо менен мекенди сүйүүгө, улуттук баалуулуктарды барктоого чакырган ураандарды айтып, жөө жүрүштөрдү уюштурушту.

1596089
Ак калпак күнү Кыргызстандын бардык аймактарында салтанаттуу белгиленди

Кыргызстандын бардык аймактарында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди.

Каракол шаарында Ак калпак күнүнө карата уюшулган жөө жүрүшкө чыккандар, кардын жааганына карабай, жаштардын жеңиш багынан борбордук аянтка чейин майрамдык маанай менен басышты. Саамалыкка жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектептердин жогорку класстарынын окуучулары, мекеме, уюмдардын кызматкерлеринен каалоочулар тартылган. Катышуучулар борбордук аянтка ак калпак деп жазып, калпактын сүрөтүн түшүрүү менен флешмоб даярдашкан. Иш-чара Каракол шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери концерттик программасы менен коштолуп, көпчүлүккө патриоттук сезим тартуулады.

Булак; КТРК



Тектеш кабарлар