71 - Берлин кино фестивалы онлайн түрүндө башталды
Ковид - 19га карата көрүлгөн чаралардан улам пресс - жыйындар менен кызыл килем иш чаралары өткөрүлбөйт.
Бул жылы Ковид - 19га байланыштуу Германиянын борбор шаары Берлинде эки бөлүк болуп өткөрүлө турган 71 - Эл аралык Берлин кино фестивалынын онлайн бөлүгү башталды.
Эл аралык Берлин кино фестивалынын басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда 71 - Берлин кино фестивалынын 1 – 5 - мартта өткөрүлө турган биринчи бөлүгүндө тармактын өкүлдөрү кинолорду онлайн көрө алышат.
Ковид - 19га карата көрүлгөн чаралардан улам пресс - жыйындар менен кызыл килем иш чаралары өткөрүлбөйт.
15 кино жарыша турган фестивалда «Алтын аюу» сыйлыгына ылайык көрсөтүлө турган кино 5 - март жума күнү билдирилет.
71 - Берлин кино фестивалынын экинчи бөлүгү 9 – 20 – июнда өткөрүлөт. Фестивалдын бул бөлүгү көрүүчүлөргө ачык болот жана «Алтын аюу» менен «Күмүш аюу» сыйлыктары тапшырыла турган азем да бул бөлүктө орун алат.
Бул жылы 59 өлкөдөн 166 кино көрүүчүлөр менен жолугуша турган фестивалдын «Панорама» бөлүгүндө режиссер Ферит Карахандын «Мектеп чач жасалгалоо» киносу көрсөтүлөт. Германияда Ковид - 19га карата чаралардын негизинде кино – театрлар 4 айдан бери жабык.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.