Эрдоган Султан Абдүлхамиддин төртүнчү муундагы небересине көңүл айтты
Президент Режеп Таййип Эрдоган, каза болгон Абдүлкерим Дүндар Османоглу үчүн анын бир тууганы, Осмон династиясынын башчысы Харун Османоглуна телефон аркылуу көңүл айтты.
Султан Абдулхамид IIнин 4-муундагы небереси, ханзаада Абдүлкерим Дүндар Османоглу Сириянын борбору Дамаскта дүйнөдөн кайтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, каза болгон Абдүлкерим Дүндар Османоглу үчүн анын бир тууганы, Осмон династиясынын башчысы Харун Османоглуна телефон аркылуу көңүл айтты.
Османоглу Президент Эрдоганга ыраазычылыгын билдирип, ар дайым ал үчүн тиленгенин айтты.
Телефондогу сүйлөшүүдө Түркиянын радио-телекөрсөтүү мекемесинин каналы ТРТ-1де эфирге чыгып жаткан «Пайитахт Абдүлхамид» сериалы тууралуу да баарлашуу болду.
Харун Османоглу сериалды көрүп жаткандыгын билдирди.
Президент Эрдоган ошондой эле Харун Османоглунун жубайы Фаризет Османоглу жана кызы Нурхан Османоглу менен да сүйлөштү. Алар ошондой эле президент Эрдоганды туулган күнү менен куттукташты.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.